Лейлекте селдин алдын алуу үчүн 24 гектар аянтка тосмо курулду

Лейлектин Сумбула айылында 24 гектар аянтка атайын тосмо курулду. Анткени айыл тоо боорунда, суу өтүүчү сайларга жакын жайгашкан. Жаан жааган сайын сел жүрүп, жашоочуларга кооптуулук жаралып турган. Мындан улам эл өз демилгеси менен тосмо курууну колго алып, буга эл аралык уюмдар колдоо көрсөткөн.

Учурда Сумбуладагы 4 айылда 24 гектар кооптуу аянтка селдин багытын өзгөртүүчү тосмолор орнотулду. Ошондой эле жер кыртышын өзгөртүү үчүн ит мурундун көчөттөрү да тигилди. Алдыда жаңгак менен бадам да отургузуу пландалып жатат. Аларга суу жеткирүүдө атайын  түтүктөр да тартылат. Мындай деңгээлдеги ишти алып барууда аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 53 жаран жумушка тартылган.

Жергиликтүү бийлик, жыл сайын алдын алуу иштерин көрүп жатат. Жашоочуларды көчүрүү үчүн башка жакта жер тилкелери жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген