Лейлекте селден жабыркагандарга чатырлар жеткирилди

Селдин кесепетинен жабыркаган жарандарды  чатырларга жайгаштыруу  иштери  жүрүп жатат. 

Бул үчүн  ӨКМ тарабынан 10 орундуу 8 даана чатыр, 76 даана шейшеп жана жаздык тыштар,  ашкана  жана гигиеналык буюмдар жеткирилди.

Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

9-июнь күнү катталган селден Лейлек районунда  жалпы  16 турак үйгө, 1 балдар бакчасын суу каптаган. Жалпы  112 турак үйдүн жер тилкелерине, 27 чакырым ички чарбалык жолдорго, 6  көпүрөгө сел жүргөн.  Ошондой эле 21 баш ири мүйүздүү малдарды суу агызып кеткен.  Мында улам,10-июнь күнү Лейлек районуна “өзгөчө кырдаал” киргизилген.

Белгилей кетсек,  9-июнь күнү саат 16:10 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында сел жүргөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген