Лейлекте мигранттардын балдары үчүн бала бакча ачылды

Лейлек районуна караган Исфана шаарында мигранттардын балдары үчүн “Мырзайым” бала бакчасы ачылды. Жүз орунга эсептелген мектепке чейинки мекеме балдарга жаңы ыкмаларда билим берет.

Бала бакчаны “Инсан-Лейлек” коомдук фонду ачкан. Уюм чет элдик донорлордон бир да тыйын алган эмес. Чыгымдын 60%ын коом өзү көтөрсө, калган акчаны чет жакта иштеген кыргызстандыктар – демөөрчүлөр, диаспора өкүлдөрү, катардагы мигранттар  которгон.

“Окуу борборго мигранттардын балдарынан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн чүрпөлөрү кабыл алынат. Мигранттардын балдары үчүн айлык төлөм 2500 сом болот. Ошого жараша бөбөктөр орус   жана англис тилдерин, иштиктүү көндүмдөрдү үйрөнүшөт”, – деди Дербишалиева.

Бакчаны оңдоо иштери 2 жылга созулган. Азыр 16 дам иштеп жатат. Сентябрь айынан тайпалар керектүү сандагы балдарды кабыл алып бүтөрү күтүлүүдө.

Сүрөт: “Инсан-Лейлек”

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген