Лейлекте “Кулунду жаштар борбору” активдүү иштеп жатат

Лейлектин Кулунду айылынын жаштары беш жыл мурун биригип, борбор түзгөн. Алар ар кайсы тармакта билимди өркүндөтүү менен бирге коомдук турмушка активдүү аралаша баштады. Клубдун алгачкы мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке депутат шайланды. 

Акыркы учурда жаштардын коомго болгон мамилеси салкындап, ачык коом түзүүгө көмөктөшүп, өз салымын кошпой кайдыгер жүргөндөр көп. Мындан улам элет жерлеринде жигердүү иштеп, жергиликтүү бийликке келип көйгөйдү айтып, ишке ашырган жаштар жокко эсе дешет Кулунду айылынын активдүү жаштары.

“Учурдагы жаштардын сабатсыздыгы коомго аралашпай, өзү менен өзү болуп жүрүшүнө себеп деп эсептейм. Бирок жаштар жергиликүү маселелерди чечүүгө таптакыр аралашпайт дегенден алысмын. Чечимдерди кабыл алууга катышкандар бар, бирок алардын аракетинен эч кандай майнап чыкпай келет”,- деген оюн билдирет Кулунду айылынын тургуну Талант Шамшиев.

Көпчүлүк жаштардын пассивдүүлүгүнө карабай, мындан 5 жыл мурда “Кулунду жаштар борбору” түзүлүп, андагы жаштардын кээ бирлери депутат болууга жетишип, жергиликтүү чечимдерди кабыл алууга, маселелерди чечүүгө катышып жатат.

“Акыркы өткөн шайлоодо борборубуздан үч адам шайланып, азыр иштеп жатабыз. Өзүбүздөн депутаттар чыккандан кийин долбоорлорду жазып, аларды ишке ашырууга кененирээк мүмкүнчүлүктөр түзүлүп калды”,- дейт аталган борбордун мүчөсү, депутат Нурали Пайзиев.

Жаштар борборунун туруктуу жана ийгиликтүү  иштеп жатканын  негизги сыры-  айыл өкмөтү, эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдар, ишкерлер менен кызматташууну жолго коюп алышкандыгында. Борбор мүчөлөрүнүн активдүү иштешин өкмөт да баалап, өлкөдөгү “Мыкты жаштар борбору” деген наам менен сыйлаган.

Келечек ээлерине туура жолду көрсөтүп, түз багыт берип,  республикалык денгээлдеги сыйлыктарга жетишип келген “Кулунду жаштар борборунун” мүчөлөрү мындан ары да ишин активдүү жүргүзө берээрин айтышат.

Материалды даярдагандар: Феруза Аскарбек кызы, Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген