Лейлекте көмүр аткезчилиги токтотулду

Лейлек чек ара бөлүмүнүн чек арачылары чек арадан мыйзамсыз көмүр ташууну токтотушту. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызмат учурунда Баткен облусунун Лейлек районунун Кароол-Дөбө тилкесинде чек арачы Кыргызстандан Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары кетип бара жаткан SHACMAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтоткон.

Айдоочу чек арачынын токтоткона карабастан, жолун уланта бергенинен, чек ара кызматкери жүк ташуучу унааны кубалай баштаган. Чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу максатында, ал асманга эскертүү иретинде ок чыгарган.

Качып бара жаткан унаа капталынан оодарылып кеткен.

Кармалган айдоочу жана жүргүнчү Д.М. жана Б.А.у. кыргыз жарандары экендиги аныкталды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана көмүр жүгү кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.