Лейлекте аяр балдар үчүн билим борбору ачылды

Баткендин Лейлек районунда аяр балдар үчүн билим борбору ачылды. 11 жылдык жатак мектепте ата-эне камкордугунан ажыраган балдар тарбияланат. 315 окуучуга ылайыкташкан билим борбору үч окуу корпусунан туруп, жатакана, ашкана, спорт аянтчасы менен камсыз болгон. Учурда өлкөнүн ар аймагынан 173 бала кабыл алынды.

Быйыл жазында курулушу башталган “Ак-Чыйыр” балдардын билим борбору жаңы окуу жылында пайдаланууга берилди. Эми өлкө аймагындагы камкордукка муктаж балдар келип тарбия алышат.

Буга чейин Лейлек районунда билим борбору жок болгон үчүн аяр балдар башка жакка барып же жөнөкөй мектептерде окушчу. Эми алыска барбай эле Исфана шаарындагы “Ак-чыйыр” балдар билим борборунда тарбияланышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген