Лейлек районундагы китепканаларга 35 миң китеп тапшырылды

“Илек-Илек жаштары” коомдук бирикмеси, ушул жылдын башынан бери “Бир адамдан бир китеп” акциясын баштаган. Анын алкагында, түрдүү багыттагы 35 миңдей китеп чогулуп, аны Баткен облусунун Лейлек районундагы китепканаларга тапшырылды. Булар тууралуу акциянын уюштуруучусу Бакай Акылбек уулу билдирди.

“Алыскы айылдарда китептер дээрлик жетиштүү эмес. Жыйналган китептер топтому  айылдык окурмандарды кубантты. Топтолгон китептердин бир бөлүгү Тажикстан менен чектеш айлындагы Максат орто мектебине да берилди”,-деди Акылбек уулу.

Бул иш-чаранын негизинде, алдыда китеп окууга чакырык жасаган “Китепкөй Баткен” акциясын өткөрүп, атайын тренингдерди да уюштуруу пландалууда.

Уюштуруучулар кошумчалашкандай, китеп чогултууда бир гана Кыргызстандын аймагынан эмес, чет жакта окуп, иштеген жарандардан да топтолгон. Мындан кийин чек арадагы айылдарга  китеп берип, көмөк көрсөтүү менен чектелбестен, моралдык жардамдарды көрсөтүүнү максат кылууда.

Лейлек районунда жалпысынан 26 айылдык жана 2 райондук китепкана иш алып барат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген