Лейлек: май куюучу жайдан чыккан өрттөн бир адам ооруканага жаткырылды

Лейлектеги май куюучу жайдан чыккан өрттөн жараат алган адам ооруканага жаткырылды. Ал денесинен 18 пайыз күйүк жараат алды. 36 жаштагы тургун өрттү өз алдынча өчүрөм деп жатып, өзү да жабыркаганы аныкталды.

“Кырсык 14-май күнү катталды. Май куюучу жайдын ашканасында өрт чыккан. Ал жерде иштеген адам тилсиз жоону өз алдынча өчүрөм деп жатып, жараат алды. Өрт жайылып кетки чейин өчүрүп калышкан”,-деди министрликтин маалымат кызматы.

Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымдарды тактап жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген