“Үлүштүк курулуш” менен кантип арзан батир аласыз? Видео

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдү куруп, батирлерди өз баасында сатуу аракети башталды. Аны ишке ашыруу үчүн шаардык кеңешинин депутаттары “Үлүштүк курулуш” жөнүндөгү жобо кабыл алышты. Бул ишти мэриянын алдындагы муниципалдык ипотекалык ишканасы жүзөгө ашыраарын жетекчиси Кутманалы Абдрахман уулу билдирди.

“Учурда жеке менчик курулуш компаниялары батирдин 1 метр квадратын 450 доллардан сатып жатат. А биз, ошол эле батирди 300 долларга курса болот деп жатабыз. Демек, жарандар курулуш компаниялардын пайдасына 150 доллар ашык төлөп, андан кийин гана батирлүү болуп жатышат. А биз ошол 150 долларды алып таштап, өз баасында берүүнү уюштуралы деп жатабыз”,-дейт К.Абдрахман уулу.

Ал кошумчалагандай, “Үлүштүк курулуштун” алкагында мэрия 3 көп кабаттуу үй курат. Алар кайсы жерге түшөөрү да аныкталды. Ал эми бул шарт менен батир алууга кызыктар жарандарды каттоо иши жүрүп жатат жана алардын саны 50дөн ашты. Бул көп кабаттуу үйлөрдөн каттоосу Ош шаарында болгон бардык жаран батир ала алат. Бирок ошол эле учурда – анын киреше булагы да сөзсүз болуш керек.

Алгачкы төлөмдүн суммасы канча болуш керек?, төлөмдөр кандай жүргүзүлөт?, канча жылда төлөп бүтүш керек? деген сыяктуу жана башка суроолорго видеодон жооп ала аласыз:

Ошто ипотекалык үйдүн үстөгү 4 пайыз болду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген