Өлүм жарышы. Ош шаарында адам өмүрүн алган автокырсыктар айдоочулардын айынан болот

Өткөн жылдын 20-декабрында Оштун борбордук көчөсүндө жол кырсыгы  катталган. Анын кесепетинен үч адам жеринде каза болгон. Кырсыктан өмүрү кыйылгандар Болот (аты өзгөртүлдү) жана анын эки досу болчу. Окуя болгон күнү алар жаңы жылдык кечеден келе жатышкан. Кокустан каттуу ылдамдыкта келе жаткан унаа карама каршы тилкеге чыгып өз жолунда бара жаткан машина менен кагышкан. Үч дос ооруканага жетпей ошол жерде көз жумган. Болоттун артында үч баласы менен жубайы калган.

“Жалгыз уулунан айрылган апам даары менен жашап калды”

Окуядан соң, Болоттун туугандары акыйкаттык издеп тааныш адвокатка кайрылышат. Бирок ал бул ишти кароодон баш тартат. Андан кийин алар башка эч кимге кайрылышкан эмес. Болоттун эжеси Ферузаныны айтымында окуянын күнөөкөрү милиция кызматкери болгон. Мындан улам алар баарыбир чындыкка жетпей тургандыктарын түшүнүшкөн. 

Бул 2018-жылы Ош шаарында катталаган 432 жол кырсыгынын бири гана. Жыл ичинде унаа кырсыгынан 553 адам жаракат алып, 15 адам каза болгон. 15 адамдын 14ү айдоочулардын күнөөсүнөн улам курман болушкан.

Биз Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматына сурам кат жиберип, шаардагы акыркы 5 жылда катталган жол кырсыктарын анализ кылдык. Анализ көрсөткөндөй ар бир 5 авариянын 4ү  айдоочулардын күнөөсү менен катталат. Эң негизги эреже бузуунун сап башында — ылдамдыкты ашыру турат. Бул ар бир үчүнчү жол кырсыгына себепчи болгон. 

«Менин агам абдан жакшы адам болгон. Спирт ичимдигин ичпейт да чекпейт да болчу. Ал биздин 5 кыздын арабыздагы жалгыз уул болчу. Анын артында 3 баласы калды. Бул окуядан кийин жалгыз уулун жоготкон апам ооруп калды», — деп үшкүрүнөт маркумдун эжеси Феруза.

Феруза кошумчалагандай агасынын өмүрүн алган жол кырсыгына экинчи машина күнөөлү. Кырсык Курманжан- Датка көчөсүндө катталган.

Анализге көрсөткөндөй бул көчө, адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар катталган Оштогу экинчи көчө.

«Шаардагы эң жол кырсыгы көп катталган көчөлөр, бул жол кыймылы көп болгон көчөлөр. Ал жерлерде ар дайым биздин кызматкерлер иштеп көзөмөл кылып турушат. Жол сызыгы, светафорлор деле жетиштүү. Күнөө көпчүлүк убакты айдоочуларда андан кийин жөө жүргүнчүлөрдө. Жөө жүргүнчүлөр туура эмес жерден чыга калат. Анан дагы кырсык 20-30 жашка чейинки айдоочулар арасында көп болуп жатат. Анткени алар жол эрежелерин сактабайт. Улгайган айдоочулар менен катышкан жол кырсыгы көп деле катталбайт», —  дейт Ош шаардык ЖККККнын басма сөз катчысы Рашид Сыдыков.

Биздин анализ жол унаа кырсыгы эс алуу же иш күндөрүнө карабай күн сайын катталганын көрсөтөт. Бирок бир күндүн ичинде жол кырсыгына кабылып калуу коркунучу жогорку убакыттар бар. Ал эң көп кырсык катталган 16:00дөн 19:00гө чейинки аралык.

«Бул убакта баары жумуштан кайтып жаткан болот. Мындан сырткары шаарда унаа күндөн күнгө көбөйүп жатат. 2014-жылы эле 66 миң машина катталган болсо 2017-жылга бул сан 72 миңге жеткен. 2018-жылдагы сан мындан да көп болушу мүмкүн. Ошондуктан көчөлөрдө унаа тыгындары пайда болуп көп кырсыктар катталып жатат», —  дейт Рашид Сыдыков.

Акыркы 5 жылда Ош шаарында унаа кырсыктарынын саны дээрлик өзгөргөн эмес. Жыл сайын болжолдуу 400 жол кырсыгы катталат. Бул дээрлик күн сайын шаардагы көчөлөрдө жол кырсыгы катталат дегенди билдирет.

Жолдогу унаа кырсыктарынын негизги себебин— ылдамдыкты ашыруу, карама каршы тилкеге чыгуу, 7 жашка чейинки балдардын коштоочусу жок көчөгө чыккандагы, жол сызыктары жок жерлерден кесип өтүү, аралыкты карабоо менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерини сактабагандыгы түзөт. Адам өмүрүн алган же жаракат келтирген жол кырсыктары эки тараптын тең жолдоо жүрүү эрежелерин бузгандыгынан келип чыгат.  Жол кырсыгынан орточо жылына 19 адам каза болот

Бул жол кырсыгы жылына Ош шаарынын дээрлик  нерв ооруларынан улам каза болгондордун  санындай эле өмүрлөрдү алып кетет дегенди билдирет.

«Көпчүлүк авариялар айдоочулардын күнөөсүнөн болууда. Алар биринчиден жол эрежесине көңүл бурушпайт. Жыл сайын биз шаардык мэрияга жол белгилерин орнотуу боюнча сунуш кат беребиз. Мэрия бул иштердин көпчүлүгүн аткарат. Бирок ар дайым өчүп кеткен жол сызыктарын кайра жаңылап турганга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Анткени шаарда жол сызыктары сапатсыз чийилип бат эле өчүп кетет» — дейт шаардык ЖККККнын өкүлү  Раззак Жураев.

Ош  мэриясынан билдиришкендей былтыркы жылы унаа каттамы көп болгон борбордук көчөлөрдөгү  4 мектептин жанына жол чырактар орнотулган. А жол сызыкты жыл сайын бир жолу гана чийишет. Өчкөн сайын чийип турганга жолдор башкармалыгында каражат жетпейт.

«Ар 6 айда биздин кызматкерлер менен ЖККК кызматкерлери биргиликте текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Алардын катында көрсөтүлгөн белгилерге ар дайым эле биздин каражат жете бербейт. Акча жылына бир гана жолу бөлүнөт. Быйылкы жылы жол сызыктарга 500 термопласка ( жол сызыктарын чийүүчү суюктук)  бөлүндү. Июль айынын аягынан баштап «Коопсуз шаарга» термопластты баштайбыз. Бул жылы жол сызыктарынын баары термопласттан болот. Алар бир жылга чейин өчпөй сакталат. ЖККК берген сунуштарга карасак аларга 18-20млн каражат кетет бизде андай акча жок. Эгер жол сызыктарына жылына 7-8 млн сом бөлүнсө кеңири жетмек», — деди Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов.

«Коопсуз шаар» коопсуздукту сактай алабы?

Өкмөт кырсыктарды алдын алуу, жол эрежелеринин сактоо максатында «Коопсуз шаар» долбоорун 2019-жылдын февраль айында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке киргизген.

Анда борбор калаанын 38 көчө кесилиши видеокөзөмөл камералары жана  4 ылдамдык чектери менен жабдылган. Мындан тышкары, Чүй облусунда 48 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулган. 

«Коопсуз шаардын» алгачкы жыйынтыктары катары – февраль айынан бери, жол кырсыктарынын саны Бишкекте 3,4%, Чүй облусунда 3,8% жана каза болгондордун саны борбордо – 68,8%, ал эми Чүйдө 37%га кыскарганын көрсөткөн. 

2017-жылы жол унаа кырсыктарынан он үч, 2018-жылы он беш адам каза болгон. Ош шаардык соту 2017-жылы жети, 2018-жылы беш жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин караган. Акыркы эки жылда Ош шаардык соту жалпы унаа кырсыктары менен болгон он эки ишти карап, анын ичинен төрт иш тууралуу  жасазын алуу боюнча чечим чыгарган. Калган сегиз иш тараптардын өз ара келишип алуусунан улам кыскартылып кеткен.

Ал эми кырсыктан көз жумган Болоттун жакындары күнөөлүнүн жазасыз калганына кайгырышат. Айдоочулардын жоопкерсиздигинен жыл сайын Болот сыяктуу канчалаган адамдар каза болуп жаткандарын айтып кейишет. Болоттун ата-энеси пенсионер карыялар ал үй бүлөдө жалгыз уул болгон. Ал эми эжелери сөөктү жерге берүү менен жүрүп, убагында укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес. Мындан улам, күнөөлү жазасын албай келет.


Бул материал USAIDдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Анастасия Валееванын ментерлиги астында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Материалды даярдагандар: Айдай Беделбек кызы, Алмира Абидинова

Редакторлору: Чолпон Узакбаева, Анастасия Валеева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген