FB Twitter YouTube Одноклассники

Өлүктөр менен жашаган Сулавеси калкы

Индонезиянын Сулавеси аралында жашаган  Тораджа калкы таң калыштуу,  ары коркунучтуу бир салтты колдонушат. Үй- бүлө мүчөлөрүнүн бири каза болгондон кийин, өлүк менен бирге, бир үйдө жашоо – аралдыктар үчүн кадимки эле көрүнүш. Алар жансыз дене үчүн атайын бир бөлмөнү бөлүп, кадимкидей эле төшөк салып жаткырышат да, эч нерсе болбогондой күнүмдүк жашоосун уланта беришет.

” Үйдөн бирөө каза болгондо биз кайгырып ыйлабайбыз, анткени ал мурдагыдай эле биз менен жашап, бүлөбүздүн толук кандуу мүчөсү болуп эсептеле берет”- дейт Сулавеси аралынын бир тургуну.

Күнүнө эки маал тамак берип, эрте  мененки кофесинен баштап, эгер тирүү кезинде тамеки чеккен болсо, тамекисине чейин алып кирип турушат. Ал гана эмес, тирүү адам менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп, баарлашышат дагы экен.

Ал эле эмес жада калса сүйгөн жубайынан же жолдошунан айрылып жалгыз калгандардын да, жансыз дене менен бир бөлмөдө жаткандарын да кездештирүүгө болот.

86 жаштагы Дандуронун каза болгонуна  эки жылдан ашкан, бирок ал дагы деле үй- бүлөсү менен жашап  келет. Дандуронун баласы: “Атам баарын угуп, сезип турат. Анын арбагы  өтө сезгич. Эгерде биз андан кабар албай койсок же тамагын өз убагында алып кирбей калсак, анда анын арбагы урат. Ошондуктан, биз оорулуу адамды карагандай эле атамдын денесин жууп тазалап, тамак- ашын берип карайбыз”, – дейт.

Ал эми Пауло Сиринда аттуу кишинин каза болгонуна 12 жыл болгон. Ошончо жылдан бери сакталып турган жансыз дене качан эле кагыраган сөөккө айланып калган. ” Каза болоору менен жерге берип койсок деле болмок, бирок атам капысынан  эле өлүп калгандыктан, биздин күйүтүбүз атамды көмгөндө андан да күчоп, кан жутуп олтуруп калмакпыз”- дейт анын кызы.

Кызыгы, үйдөгү кичинекей бөбөктөр деле коркпостон бөлмөгө кирип: ” Чоң ата туруңуз, чай ичебиз же конок келди”, – деген сыяктуу сөздөрдү айтып ал менен кадимкидей  сүйлөшүшөт.

Бул аралда өлүктү акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү өзгөчө шаан- шөкөт менен той сыяктуу өткөрүлүп, курмандыкка жүзгө жакын жаныбарлар союлууга милдеттүү. Мына ушул себептен да керектүү каражат топтолгонго чейин өлүктү сактоого аргасызбыз дейт аралдын кээ бир тургундары.

Акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө өтө көп чыгым жумшалып, ага жүздөгөн жаныбарлар курмандыкка чалынат. Бул жактыктардын курмандыкка чалынуучу эн негизги жаныбары бука болуп саналат.

Мындагылар союлган буканын канын өлүк коюу жөрөлгөсүнүн символу деп билет. Алар  канчалык көп бука союлса, өлгөн адамдардын  арбактары  ошончолук ыраазы болуп, тынчтанат деген түшүнүк менен жашайт.

Бул жактын эли атайын курмандык союлуучу аянтка букалардын баарын алып чыгып, эки- экиден сүзүштүрүшөт. Кызыл ала кан болгонго чейин сүзүшкөн букалар качан гана чала жан болуп жатып калганда аларды мууздашып, эттерин жиликтешет. Ал эми сөөк менен коштошууга келген элдер, союлган  букалардын эттеринен каалаганча алып кете алышат.

Ушул күнү гана каза болгон адамдын туугандары өкүрүп ыйлашып, сөөккө жаңы кийимдерди кийгизип, денени  майлашып,  дагы бир топ ырым- жырымдар менен акыркы сапарына узатышат экен.

 

Булак: https://www.youtube.com/watch?v=MOCbhSsuzXw

Даярдаган: Таңкыз Эргешбаева

 

 

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz