Кызыл-Кыяда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерине кол салуу болду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерине кол салуу болду. Учурда жабырлануучу ооруканада. Бул тууралуу облустук ЖКККнын өкүлү Чолпон Арстанбеков билдирди.

Окуя 19-ноябрда болгон. Жаракат алган кызматкер жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон учурда ал буйрукка баш ийбей качып кеткен.

“Артынан кууп, мас абалдагы айдоочуну кармап, машинесин атайын токтотуучу жайга киргизген учурда бурооч (отвертка) менен көкүрөк тушка сайып жиберген”,-деп жазылат билдирүүдө.

Жабыркаган кызматкерге кесиптештери жардамга келип, жол эрежесин бузган айдоочуну кармашкан. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Акыркы күндөрдө Баткенде кылмыштуу окуялар көп катталууда. 18-ноябрда облустун прокурорунун киши колдуу болгон сөөгү табылган. Ага чейин 5-ноябрда Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Баянов да өз үйүнүн алдынан белгисиз адамдар тарабынан ок жеп, ооруканада өзүнө келбей каза тапкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген