Кызыл-Кыяда жетекчилердин жеке мамилеси бүтүндөй башкармалыкка терс таасир тийгизип жатат

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыеванын жаш өспүрүм Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери тарабынан кыйноого алынган деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Ал бул билдирүүнү өз кызыкчылыгынын негизинде таратты. Мындай билдирүүнү Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы берди.

Маалымат сайттардын бирине жарыяланган жаш баланын Кызыл-Кыя ШИИБинде кыйноого кабылгандыгы тууралуу маалыматты башкармалык четке кагат.

Башкармалыктан маалым болгондой, 2020-жылдын 20-июлунда Кызыл-Кыя шаарынан токтотуп койгон автоунааны белгисиз атуулдар айдап качып, Кадамжай районунун Алга айылына таштап кетишкен. Унаанын алдыңкы тарабы сүзүлгөн абалда болгон.

Бул боюнча Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү жаран Баткен шаарынын 16 жаштагы тургуну Ош шаарынан кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн Ош шаарында, Кадамжай районунда да бир канча кылмыштарды жасап жүргөнү такталган.

“Колго түшкөн өспүрүм эч кандай кыйноого кабылган эмес. Кызыл-Кыя ШИИБнин УКЖнын начальниги менен Баткен облусундагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыеванын ортосунда пикир келишпестик бар. Ошондуктан Таабалдыева чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялаган”,-деп жазылат Баткен ОИИБнын берген маалыматында.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыева Кызыл-Кыя ШИИБнин санитардык абалы начар экендигин да айткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген