Кызыл-Кыяда тоноочулук менен алектенген топ кармалды

Кызыл-Кыя шаарында тоноочулук менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-январь күнү саат 19:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын 51 жаштагы тургунунун “Матиз” үлгүсүндөгү унаасынан медициналык беткап кийген белгисиз үч бала 460 миң сом акчасын алып, изин жашырып кетишкен.

Кызыл-Кыя ШИИБнин жана ИИМдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө изин жашырып кеткен атуулдардын экөөсүнүн өздүгү жана алардын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалып келген.

Алардын бирөөсү Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну. Ал мурда он жолу сот жообуна тартылган, экинчиси буга чейин 2 жолу сот жообуна тартылган Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну.

Азыркы учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген