Кызыл-Кыяда борбордук базар өрттөндү

Кечээ, 8-сентябрда, кечки убакытта Кызыл-Кыяда борбордук “Айбек” базары өрттөнүп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт кездеме саткан дүкөндөн чыккан.

«Жеринде жети өрт өчүрүү бригадасы иштеп, өрттү 9 сааттын ичинде өчүрүштү. Мындан тышкары, окуя болгон жерге 20 милиция кызматкери, тез жардам жана электриктер тартылган », – деп билдиришти министрликтен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.