“Кызыл-Кыя ШИИБинин санитардык абалы начар” деген билдирүүгө башкармалык жооп берди

Кызыл-Кыя ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында 7 адамдан коронавирус илдети табылды деген маалымат боюнча Баткен облусттук ИИБи билдирүү таратты.

Аталган башкармалык билдиргендей, ушул жылдын 16-сентябры күнү “AKIpress” маалыматтык агенттигине “Кызыл-Кыя ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалган 7 адамдан коронавирус табылды”,-деген макала жарык көргөн. Мындан улам Баткен ОИИБи аталган маалымат боюнча билдирүү таратты. Ага ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында (УКЖ) пандемия башталгандан бери эле санитардык эрежелердин нормалары так сакталаары айтылган.

“Убактылуу кармоочу жайга келген ар бир жаран ден соолугунун таза экендигин тастыктаган ПЦР анализдин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. УКЖда кармалган ар бир жарандын ден соолугу текшерилип, көзөмөлдөн өткөрүлөт. Коронавирус аныкталды делген жарандар соттук-тергөө иштерине, соттук-кароого катышышкан. Көзөмөл иретинде экинчи жолу анализ тапшырган учурда УКЖда кармалган 6 жарандан 14-сентябрь күнү COVID аныкталган. Ошол күндөн тарта эле өзүнчө камераларга жайгаштырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган”,-деп билдирди Баткен ОИИБи.

Анда кошумчалангандай, Баткен облусундагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Айгүл Таабалдыеванын УКЖнын кызматкерлери санитардык коопсуздук эрежелерин сакташкан жок, вирустук инфекциянын алдын алуу боюнча маалымат бурчу жок деген сөзү чындыкка дал келбейт.

“Ал жерде кызмат өтөгөн ар бир кызматкер кол кап, антисептикалык каражаттар, беткап менен толук камсыз болушуп, атайын вирустук инфекциялык бурчтар даярдалып, жетекчилик тарабынан күн сайын текшерилип турат”,-деп айтылат аталган башкармалыктын маалыматында.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген