Кызыл-Кыя шаарындагы базарда чыккан өрттүн чоо-жайы

Кечээ, 8-сентябрда саат 20:00 чамасында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-ажы” борбордук базарында өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя болгон жерде беш өрт өчүрүү бригадасы жана сегиз куткаруучу иштеген. Өрт толугу менен 9 саат ичинде өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүү үчүн шаардык суу каналынан жана цемент заводунан суу алынды.

“Өрттүн кесепетинен 57 коммерциялык контейнер күйүп кетти, жалпысынан болжол менен 2500 чарчы метр”, – деп белгилешти ӨКМден.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.