Кыздарынын себин өзү даярдап, турмушка узаткан чебер ата

Жашы 70ке таяп калган Козубай Маматов чейрек кылымдан бери төшөк-жууркан тигет. Баткен облусуна таанымал аксакалга кызын турмушка узаткандар көп кайрылышат.

Аксакал чеберчилик өнөрдү таенесинен үйрөнгөн.

“Окуучу кезимде эле таенем кийимдерди бычып таштап койсо, тиге берчү элем. Эсимде, каникул учурунда бир эжекем бычып берип, үч кызды жаныма алып, мектептеги окуучу кыздардын баарына окшош форма тиккенбиз”,- дейт  Козубай Маматов.

Аксакал төшөк-жууркандан тышкары кийим-кече да тигип, аны аялы базарга алып барып сатат. Чебер үй-бүлөнүн күнүмдүк тапкан таза кирешеси 5000 сомдун тегерегинде.

Облустун ар тарабынан издеп келген кардарлар алгач чебердин эркек экендигин көрүп, анча ишене беришпейт. Качан гана кылган ишинин майын чыгара аткараарына көздөрү жеткенде, кийинки буюртмасын беришип, ыраазычылыктарын билдирип кетишет дейт аксакал.

Козубай Маматов учурунда кесиптик лицейде 10 жылдан ашуун эмгектенип, 300гө жакын кыз-келиндерге чеберчиликти үйрөткөн. Андан тышкары тигүү цехин да жетектеп турган.

Кыздарына септи өз колдору менен даярдап турмушка узаткан Козубай ата байбичеси экөө 5 баланы тарбиялап, эрезеге жеткирген.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.