

Кыйын кезеңде мамлекетке колдон келген жардамдарын берип жаткан мекендештер күн санап көбөйүүдө. Алсак, Чон-Алай районунун “Айылдык ден-соолук комитеттериндеги”(АДК) аялдар өз ыктыярлары менен беткап тигип, элге таратып жаткан учуру. Бул тууралуу “Ынтымактын”аймактык кабарчысы билдирди.
Аталган комитеттин айымдары 23-мартта 3 500 даана беткап тигип, анын 2000 даанасын элге бекер таратып беришкен.
“Айымдарыбыз өз каалоолору менен, үйлөрүнөн эле тигип жатышат. Бекер тараткандан калган 1 500 даана беткапты сатып, ага материал сатып алдык. Эми дагы тиге баштайбыз, биздин элибизге болгон жардамыбыз ушул”,-деди комитеттин жетекчиси Шайыргүл Маматкайымова.
Чоң-Алай районунда жашы 25тен 60ка чейинки жалаң аялдардан турган 24 “Айылдык ден-соолук комитеттери” бар, анда баары биригип 280 аял иштейт.
“АДК 2010-жылдан бери өз ишин жүргүзүп келет. Анын курамындагы аялдар өз ыктыярлары менен, эч кандай акы албай иштешет. Кары-картаңдарга, кыйналган үй-бүлөлөргө, муктаж адамдарга жардам беришет”,-деп билдирди аймактык кабарчыбыз.
- 25.03.2020