Кыздардын мүнөзүн кан тобуна карап билиңиз

Япон психологдорунун изилдөөсүнө таянсак, кишинин мүнөзүн  кан тобуна  карап аныктоого мүмкүн экен. Андыктан адамдын мүнөзүн  ар түрдүү жагдайларга карап билүүгө болот.

Каны І топко кирген кыздардын мүнөзү татаал болот. Алар эч кимге багынгысы келбейт, баарын өз менчигине айландырып  алууну каалашат. Эгер ушул кан тобундагы кыздарды жактырып, өзүңүзгө багынта албасаңыз, анда баарынан айрылдым дей берсеңиз болот. Мындай мүнөз ээлеринин колуна түшкөн соң, жашоодогу ордуңузду эле эмес, келечекке болгон ишенимиңизди да жоготуп коюшуңуз ыктымал. Жадагалса, ар бир баскан кадамыңыз да  анын көзөмөлү менен болуп калышы мүмкүн. Эгер ала жипти аттачу болсоңуз, оңой шылтоо менен кутулам деп ойлойбой эле койсоңуз болот.

ІІ топтогу кан тобуна кирген кыздар боорукер, уялчаак, камкор, анан да аябай назик келишет. “ Сүйөм, күйөм ” дегендерге ишене беришпейт жана өздөрү да бул сөздү аз айтышат. Жигиттер мындай топтогу кыздарга жактыруу сезимин далилдей алышса, жоопсуз калбайт. Албетте, аны бактылуу кылып,  өздөрү да бакытка бөлөнө алышат. Кыскача айтканда эң эле ишенимдүү аялдар, дал ушул кан тобунан чыгат.

Каны ІІІ топко кирген айымдар көбүнесе өзү тууралуу айтылган ой-пикирлерге ишенгиси келбейт.  Изилдөөчүлөрдүн баамында, бул мүнөздөгү кыздар жигиттер менен сүйлөшкөндө өтө эле сулуу, тартиптүү болуп көрүнө алышат. Ошондой эле каны ІІІ топтогулар башкалардан өзүн бийик коюп, өзүн гана ойлогон адамдардын алдыңкы  сабында турат. Алар дайыма “Үйдө ким башчы?” деген суроого өзүн гана көрсөтүп, “мен” деп жооп беришет.

IV кан тобундагы кыздар өз ордун жакшы билгендер. Ошондуктан да жигиттерге болгон  талаптары күчтүү. Байлык, бийлике караганда сүйүү менен үй-бүлөнү биринчи орунга коюшат. Мындай кан  тобундагы кыздардан эң  жакшы эне, акылдуу жар чыгаарына ишенсеңиз болот.

А сиздин кан тобуңуз кандай?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген