Кытайлык руфер өз өлүмүн тасмага тартып калтырды. Видео

8-ноябрь күнү Кытайдын Чанша шаарындагы 62 кабаттуу имараттын чатырынан Ву Юннин аттуу руфер(өтө бийик имараттардын чатырына чыгып роликтерди тарткан адам) кулап каза болгон.

Юннин көп кабаттуу үйдүн чатырына өзүнүн кезектеги кардары үчүн видеоролик тартууга чыккан. Бул тасма үчүн руфер 15 миң доллар алышы керек эле. Маркумдун атасынын айтымында, видеороликтен алган акчасына  26 жаштагы Юннин апасын дарылатып жана саналуу күндөрдөн кийин сүйүктүүсүнүн колун суроону пландаштырып жаткан.

Имараттын башка тарабына орнотулган камерага руфердин аткарган трюгу жана анын өтө бийик имараттан кантип кулагандыгы тартылып калган. Анын жансыз денеси бир күндөн кийин, сүйгөн кызы тынчсызданып издегенде гана табылган. Бирок анын каза болгондугу тууралуу эч кимге билинбеген бойдон калган эле.

Юнниндин күйөрмандары анын роликтери көптөн бери соцтармакка чыкпай калганынан улам тынчсыздана башташат. Ошол мезгилде руфердин сүйүктүүсү: “Сен бул дүйнөнү таштап кеткен күн, 8-ноябрь менин эсимде”,- деген билдирүүнү калтырат. Мына ошондон кийин гана руфердин бир ай мурда, сьемка учурунда 263 метр бийиктиктен кулап каза болгондугу ачыкка чыккан.

Булак: Медуза

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген