Кытайлык кыргыздарда сакталып калган салттуу комуз бийи жарыяланды ВИДЕО

Бул бийдин негизги өзөгү кытайлык кыргыздардын башка бийлери сыяктуу эле чыныгы турмуш-тиричиликтен алынып, бүгүнкү күндө дейре сакталып калган. Бул тууралуу Кытайда бир канча убакыт жашап, окуп келип, учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгында иштеген Тынчтык Бекташтегин билдирди.

“Биз, унутта калган улуттук бийлерибиздин өзөгүн издеп, казактар өздөрү обон жараткан “Кара жоргону” талашып-тартып алганга чейин бардык. Көрсө биздин улуттук бийибиздин өзөгү дагы деле өлбөй, Кытайдагы кыргыз бир боорлорубузда сакталып калган экен”,-дейт.

Буларга кошумчалап, Какшаал жергесиндеги аксакал бийлеген бул комуз бийи да кыргыз кыртышынан чыккан накта турмуш-тиричиликти чагылдырган бий экенин айтат. “Бул бий кыргыз элинин мал чарбачылыкты, дыйканчылыкты негиз кылган көчмөн турмуштун жашоосун таасын чагылдырып берет. Бээ сааган, улоо үйрөткөн, ат такалаган, аркан эшкен, кийиз жасаган, жүн сабаган, орок оргон, кырман айдаган оп майда, чач алган, өтүк ултарган, ал тургай камыр жууруган, ун элгеген турмуштун кайсы катмары болбосун баарын чагылдырганга жетишкен”,-дейт Т.Бекташтегин.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген