Кытайдын Фошань шаары Ошко жардам жөнөттү

Кытайдын Фошань шаары Ош шаарына жардам жөнөттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Кытайдын Фошань шаарынан Ош шаарынына медициналык гумманитардык жардам келди. Фошань шаары 30 миң даана беткап, 100 медициналык атайын форма жана дене табын өлчөөчү 100 даана инфракызыл термометрлерди жөнөткөн.

Ош шаарынын мэриясы келген жардамдарды тиешелүү кызматтарга бөлүп берет. Мэрия боордоштук алакадагы Сиань жана Шицзячжуан шаарларынын жетекчилери менен да сүйлөшүү иштерин жүргүзүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Ош мэри учурдагы кырдаалда жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди ВИДЕО

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген