Кытайдын четиндеги мектепте бир эле окуучу билим алат

 Күнүмдүк көр тиричиликтин айынан жакшы жашоо издеген жашоочулар айылдардан, кичи шаарчалардан чоң- чоң шаарларга көчүп кетишет. Жакшы жана айлыгы жогору жумуштарда иштеп жашоолорун оңдогулары келет. Мунун натыйжасында жылдан жылга калктын саны азая берет. 

Кытайдын Фуцзянь шаарчасында Ху Янг аттуу окуучу жашайт. Ал өзү жашаган жердеги мектептин жалгыз окуучусу. 2005- жылы 3 кабаттуу, 24 класска ылайыкталып салынган мектепте окуучу Янг жалгыз эки мугалими менен калган.
Алгач бул класста 80 бала окуса, кийинчерээк 17ге түшкөн, андан кийин жогоруда айткандай Янг жалгыз окуучу болуп эсептелет. Бардык сабактардан ошол эки мугалим берет. Ченг Чинсонг агайынын айтымында, билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген окуу планына ылайык окутуу жүргзүлөт жана Янг абдан жакшы окуйт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген