Кытайдан товарларды жеткирүү тездейт

Кытай,  кыргыз бийлигине эпидемиологиялык көзөмөлдүн зарылдыгын эске алуу менен кыргыз-кытай чек арасында товарларды өткөрүүнүн тездетилген механизмин кабыл алууну сунуш кылды.

Механизм 18-июнда эки мамлекеттин эксперттери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан талкууланды. Бул тууралуу  экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда, айтылгандай жүктөрдү текшерүүнүн жаңы механизми жүктөрдү жана жүк ташуучу унааларды “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары аркылуу тездетип өткөрүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыйт.

Экономика министрлиги азырынча бул механизм жөнүндө конкреттүү маалымат бере элек.

Кыргыз тарап Кытай бийлигинин сунушун жеке сын-пикирлерди эске алуу менен колдоп, аны ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизди. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.