Кытайдан Кыргызстандын алыс жолдо жүргөн 54 айдоочусу кайтып келди

Кытайдын Топо жана Уулчат шаарларынан Кыргызстандын 54 алыс жолдо жүрүүчү айдоочусу кайтып келди. Алар “Иркештам” жана “Торугарт” текшерүү пункттары аркылуу өтүшүп, учурда чек арада эч ким калбаганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Айдоочулар Кыргызстанга чыгаарда текшерүүдөн өтүшүп, анализ тапшырышкан. Андан кийин үч күнгө атайын уюштурулган лагерде калтырылган. Төртүнчү күнү кайрадан анализ тапшырышып, таза чыккан соң гана мекенине кетүүгө уруксат алышкан. Айдоочулар эки жума өз үйлөрүндө карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдетин жуктургандар катталган жок. Бирок Иран, Түштүк Корея, Италия жана Япониядан келген жарандарга карантин жарыяланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген