Кытайдагы вирус: “Манас” эл аралык аэропортунда Үрүмчүдөн келгендер текшерилип жатат

“Бишкек-Үрүмчү-Бишкек” аба каттамы менен учуп келген жарандар “Манас” аэропортунда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери тарабынан текшерилип жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган аэропорттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кытайдан келген ар бир жаран текшерүүдөн өтүп жатат. Бул каттам күнүнө бир жолу ишке ашырылат.

Акыркы маалыматтар боюнча Кытайда 291 адам бул илдетти жуктуруп, 6 адам каза болду. Аталган илдеттен 11-январда биринчи адам каза болгон.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 2019-nCoV вирусу кишиден кишиге жугушу ыктымал экенин тастыктады. Илдетти жуктуруп алгандарын көбү Ухань шаарынын жашоочулары. Бул арада Шанхай, Бээжин шаарларында жана Гуаньдун провинциясында да ооруга чалыккандар аныкталды. Алардын баары Уханга барышкан.

Буга чейин Тажик бийлиги Кытайдагы вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин аэропорттордо жана чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн маалымдаган.

Кытайдан тышкары Таиландда, Японияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алган.

Белгилей кетсек, Уханда 18 миллионго жакын киши жашайт. Шаардын эл аралык аэропорту аркылуу күн сайын чет жактарга саякаттоо үчүн 3000 жүргүнчү чыгып кетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген