Кытайда окуган кыргызстандык студенттер кайтып келишти

Кытайда окуган кыргызстандык студенттер мекенине Казакстандын“Ак- Жол” чек арасы аркылуу автобус менен келишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 13- февралда кыргызстандык 40 студент Казакстандын Алматы шаарына “Пекин-Алмата” багытындагы учак менен келип түштү, андан бери Кыргызстанга автобуста келишкен.

Кытайдан мекенине кайткан студенттер Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан текшерилишип, андан соң байкоодон өтүү үчүн убактылуу жашап туруучу жайга жеткирилди.

Маалыматта белгилүү болгондой, кыргызстандык студенттер Кытайдын Үрүмчү шаарында болушкан. Алар учакка билетти мурда эле алып, бирок кытайлык чек аралардын жабык болгонуна байланыштуу мекенине келе алышкан эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген