Кытайда коронавирустан 1133 адам каза болду

Кытайда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 44 миңден ашып, 1113 адам каза болду, 4740 киши оорудан айыкты. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Буга чейин 42 миң 600 адам ооруга чалдыкканы, 1016 киши каза болгону жана 3996 адам айыкканы айтылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, 16 миңден ашык киши илдетти жуктуруп алган деген күмөн менен карантинге алынган.

Белгилей кетсек, Кытайда чыккан коронависрустун жаңы түрүнө расмий түрдө COVID-19 деген аталыш берилген. COVID – CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет.

Ухань: 30 саат мурун төрөлгөн наристеден коронавирус табылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген