Кытайда карантинге алынган мейманкана кулап, 2 адам каза болду

Кытайда карантинге алынган жарандар кармалган мейманкана урап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Кырсык Кытайдын Цюаньчжоу шаарындагы  “Xinjia Expressте” жүз берип, кулаган мейманканадан куткаруучулар 50 адамды алып чыгышты.

Аталган мейманкана коронавирус менен жабыркаган жарандарды кармап турган жай болгон. Анда вирус кеңири жайылган провинциялардан келген тургундар да болушкан.

Урап калган “Xinjia Express” мейманканасы 2018-жылдан тарта иштейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген