Кытай суу каптоодон жапа чегип жатат

Европадан кийин Кытайда катуу суу ташкыны башталды. Чжэнчжоу шаарынан жогору карай дамба жарылып, суу көчөлөрдү жана метрону каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, катуу нөшөрлөп жааган жамгыр Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Хэнань провинциясын каптады. Чжэнчжоу шаары эң көп жапа чеккен, ал жерде метро менен бала бакчаны суу каптаган. Каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор бар. Жергиликтүү тургундар суунун астында калган метронун вагондорунан чыга албай калышкан. Куткаруучулар аларды жер бетине алып чыгышкан. Кырсыкта 12 адам каза болгон. 5 адам жаракат алышкан. 200 миңге жакын адам кырсык катталган аймактан эвакуацияланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.