Зордук-зомбулуктун кесепеттери

Ар бир ата-эненин максаты – баласына туура тарбия берүү жана жетишерлик турмушта багып өстүрүү. Баланын тарбиясы, билим алуусу үй-бүлөдөн башталат. Ошондуктан баланын жаш кезинде ата-эне ага кайдыгер мамиле жасабай, туура мамиле, түз багыт, билим, татыктуу тарбия берүү негизги милдет экенин билүүсү керек.

Учурдун эң көйгөйлүү маселеси – бул балдарга, аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук. Бул бүгүн эле пайда болуп калган жок. Акыркы 5-10 жылда күч алып бара жатат жана түрлөрү абдан көп, себептери ар кандай болуп келүүдө.

Бул чыгарылышыбызда дал ушул үй-бүлөдөгү балдарга, аялдарга коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөргө кантип бөгөт кое алабыз жана зордук-зомбулук көйгөйүн азайтуу боюнча сөз кылабыз.

“Хадия” кайрымдуулук борбору түзүлгөнүнө үч жыл болсо да учурда көптөгөн жарандар жардам сурап кайрылып келишет. Алар кайрылган адамдарга материалдык жардам эле бербестен, укук коргоочу, юристтерди да таап сүйлөшүп, өздөрүнүн милдеттерине кирбесе да күнүгө кайрылгандарга ар кандай жардамдарын берип  келишүүдө. Өз үйүнөн куулуп, жолдошунан алимент төлөтө албаган жалгыз бой энелер, кары-картаңдар үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып кайрылган жарандар жылдан-жылга көбөйгөнүн уюмдун жетектөөчү адиси Бахтиер Мамадалиев айтып берди.

Каарманыбыз 1956-жылы туулган. Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Падаван айылында жашаган. Качан гана өз үйүнө ээ боло албай, жолдошунун бир тууган иниси менен пикир келишпестиктен, өзү жашаган турак жай-маселеси келип чыкканда дал ушул “Хадия” кайрымдуулук борборуна алгач ирет кайрылып жардам сураган.  Ал Өзбекстандын жараны, бирок Кыргызстанда Ахмедов Абдивахабго турмушка чыгып,  мусулманча никеде болуп, юридикалык жактан ЗАГС албастан жашап жатып, жолдошу ооруп, 2018-жылы кайтыш болгон. Колунда эч кандай документи жок.  Учурда сот иштери улантылууда. Бул боюнча укук коргоочу Анвар Хамитжанов төмөнкүдөй маалыматка токтолду:

Ал эми биз экинчи тараптагы кайниси же жолдошунун инисине байланышсак, телефон албады, жооп алганга мүмкүн болбоду.

Андыктан укук коргоочу Анвар Хамитжанов мындай инсандар абдан көп экенин айтат. Айрыкча бир туугандар арасында, мүлк талашып, жылдап соттошкондор толтура. Ошондуктан ар бир жаран аялбы, эркекпи ишке так, көңүл буруп, өз укук-милдеттерин билип, кагаз түрүндө ар бир ишин мыйзамдаштырып алса, кийинки жашоолорунда кыйналбай турганын айтат.

Ош  шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборун жетектеген Дарика Асилбекова жыйырма жылдан бери жардам сурап келген аялдарга, карыларга жана зомбулукка кабылган балдарга көмөк көрсөтүп келет. Ар биринин арыз-муңун угуп, тагдырларын жакшы нукка бурууга болгон аракетин жасайт. Алардын жашоосу жакшы жакка өзгөргөндүгүнө кубанса, талкаланган тагдырларга кейип, жүрөгү ооруйт.

“Өзүмдүн тагдырымды чагылдырам деген ойдо ушул нерсеге кабылдым. Менин башыма оор күн түшкөндө болгону 28 жашта элем. Качан акыркы жолу күлгөнүмдү эстей албайм. Борборго канча кызматкер алам, бирок чыдабай бат эле кетип калышат. Бул жакка арызданып келгендердин кайгы-муңүн угуп олтурууга, жүрөк титиреткен окуяларды көрүүгө бардык эле адамдар чыдай бербейт. Ар биринин кайгысын угуп, көз жашымды төгөм”, – дейт Асилбекова.

Мамлекет тарабынан аталган борборго 2009-жылы бекер имарат берилген. Бул жерде баш калкалаар жери жокторду 12 күн гана кармай алышат. Кээ бир учурларда жылдап жашагандар да жок эмес. Учурда кайдыгерлик болуп көрбөгөндөй чекке жетип, эмнелер гана болбой жатат.  Өз канынан жаралган кызына кол салгандар, карыганда уртокмоко алып үйүнөн кууп чыгып койгон, карылыктын доорун сүрбөгөн кары-картаңдар, эне байкуш ымыркайын көкүрөгүнө кысып ыйлап, жалдыраганына карабай балдарын күч менен тартып алып, баланы энеден ажыратып коюу оңой болуп калды.  Жашообузда жогорудагы көрүнүштөр кадимкидей орун алып келет. Мындай абалга туш болгондордун айрымдары уялып, тартынып  айта албай чыдап жүрүшсө, айрымдары  дал ушул “Ак журөк” кризистик борборуна барып убактылуу баш калкалап келишет.

Зордук-зомбулуктун күчөп жаткан бирден-бир себеби интернет булактары. Биз жаштарыбызды жоготуп алуу коркунучунда турабыз. Ал үчүн мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынса жакшы болмок. Батышты, Европаны туурап, алардын жасаган иштерин туура көрүп, эмне кылса ошону практикада  жасап, текшерген эч ким жок өз билемдик менен жашаган өспүрүмдөрдү  сактап калуубуз милдет жана улутубузду жоготуп албайлы деп кейийт .

35-жаштын тегерегинде ажырашуулар абдан көп.Себеби 90-жылдардагы миграциянын агымы өтө чоң таасир берип, ошол кездеги 4-5 жаштагы балдар ата-энелери бешенесинен сылап эркелетпей, мээримге өксүк болуп калышты. Тарбия жагынан аксап, анан алар бой жетип ата-эне болуп, тилеке каршы башка жаштарга салыштырмалуу ушул жашта ажырашкандардын пайызы абдан жогору.

Сот айымдарынын ассоцасиясы 2014-жылдан бери иш алып барып келе жатат. Ал боюнча Элнара Мадумарова негизги максаты жана үй-бүлөлүү аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук жыл өткөн сайын күчөгөнүн жана  токтотуу үчүн ар бир жаран аракет жасап, кайдыгер карабоону айтат. Башкы себеп интернетке чектөө киргизүү сунушу мамлекет тарабынан каралса да жакшы болмок дейт. 

Ал эми шаарыбыздагы укук коргоочу  Жураев Ибрагимжан зордук-зомбулук боюнча иштердин соңу тосмо арыз жазып, элдешип унуткарып кеткенин айтат. Эл укпасын биздин менталитет жол бербейт – деп убагында зомбулук жеген адам кыйналып жашайт да, бир канча убакыт өткөн соң унутулуп кетет. Ошентип кайра эле балдар, аялдар, запкы жеп кыйналып келе беришет. Зордук жасаган кылмышкердин иштеринин аягы өзүнө жараша жазасын албай, кайрадан кылмыш жасап, эркиндикте жүрө берет. Анан жыл өткөн сайын зордук-зомбулук көбөйүп келгенинин себеби ушунда дейт.

Ал эми үй-бүлөдөгү аялдарга, балдарга болгон зордук-зомбулук боюнча ОшМУнун психология кафедрасынын жетекчиси, доцент, практикалык психолог Жолдошева Акчач  өз оюн мындайча  билдирди.

Биринчи кезекте бүгүнкү күндө миграция, кайдыгерлик, социалдык жактан жетишпеген  көйгөйлөр кошулуп, зордук-зомбулуктун очогуна айланууда. Көпчүлүк ата-энелер жалпы эл мигрант болуп кетиши, балдарын таштап, кароосуз калып, тарбия жетишпей келгендиктен кайдыгерлик мамиледен негизги себеп болууда. Айрыкча интернет, социалдык булактарда ээн-эркин болгондуктан каалаган нерсесин көрүп, жасап аны тескеген эч ким жок. Бул маселени бир адам же бир нече жаран эмес, мамлекеттик деңээлде карабасак болчудай эмес.  Бирөө зордук-зомбулуктан жардамга муктаж болсо, көрүп туруп тескери басып кетпейли. Бири-бирибизди жектеп сын айтып, жемелеп кемсинтпейли”.

Улутту сакташ үчүн уул-кыздарыбызга туура тарбия берип, адам үчүн күрөшө турган заманды түзөйлү.  

Даярдагандар: Барчын Орозмаматова, Динара Абдижапар кызы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.