Кытай схемасы: Насыянын айынан Кыргызстан бардык мүлкүнөн кол жууйбу?

Кыргызстан Кытайга дээрлик 1 миллиард доллар карыз. Кеп өлкө энергетикалык тутумун жакшыртууга алган насыя тууралуу болуп жатат.  Бирок айрым маалыматтар боюнча бул макулдашууларга укук бузуу менен кол коюлган. “Журналисттик иликтөөлөрдүн медиа бюросу”  кытай кредити кантип төлөнөрүн,  эгер Кыргызстан карыздан кутула албай калса, мамлекетти эмне күтүп жатканын иликтеди.

Кыргызстандын сырткы карызы 4 миллиард долларга жакын. Азыр өлкө 170 кредиттик макулдашууларды тейлеп келет. Бардык карыздын дээрлик жарымын Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган насыя түзөт. 2011-жылдан тарта өлкө өкмөтү энергетика тармагы боюнча дээрлик бир миллиард долларлык үч ири макулдашууларга кол койду.

 

Үч кредиттик макулдашуулар боюнча, жалгыз гана аткаруучу катары кытайлык ТВЕА компаниясы тандалган. Фирма Кыргызстандын аймагында эч кандай салык жана бажы төлөмөдөрүн төлөбөйт.

Быйылкы жылы Кыргызстан 454 млн доллар карызын төлөшү керек. Анын ичинде “Эксимбанктын” энергетикалык тармакка берилген үч насыясы да бар.

КРнын Каржы министрлигинин маалыматында, 2017-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 127 млрд сом (1,5 млрд доллардан ашыгыраак) болот. Чыгаша 150 млрд сом (2 млрд доллар)  деп белгиленген. Республикалык бюджеттин дефицити 23 млрд сом (300 млн доллар) деп болжонууда.

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин сырткы жардамды көзөмөлдөө комитетинин координатору Чинара Айтбаеванын айтымында, өкмөт  кредит менен насыяларды бюджет тартыштыгын жабууга, мамлекеттик карызды кайтарууга да алып жатат.

“Өлкө бюджети азырга чейин социалдык тармакка багытталган. Экономиканы өнүктүрүүгө караганда социалдык тармакка дээрлик эки эсе көп акча сарпталат. Кыргызстан үчүн карыздарды кайтаруу кыйын болот. Насыяны төлөөнүн эң жогорку чегинде өкмөт жарым миллиард доллардан табышы керек болуп калат”, – дейт ал.

Кыргызстандын Кытайга бересеси 2017-жылдын май айынын аягына карата 1,5 млрд долларды түздү. КРнын Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыковдун  айтымында, КЭР Кыргызстандын эң башкы кредит берүүчүсүнө айланды.

“Кытайдын “Эксимбанкы” (КЭРдин мамлекеттерге карыз берүү маселелери боюнча өкмөт агенти же расмий органы) –  республикабыздагы ири насыя берүүчү. КЭР алдындагы карыз 1,6 млрд долларга барабар. Бул сумма биздин жалпы сырткы карызыбыздын 40%ын түзөт. Каражат энергетикалык объектилерди курууга жана жол инфраструктурасына сарпталган. Акчанын ири бөлүгү – 908 млн доллар энергетикага жумшалды”, – деп билдирди Бакыт Сыдыков.

Чиновник белгилегендей, Кыргызстан азыр сырткы карызын өз алдынча төлөөгө жөндөмдүү. Ал өлкө бюджетинде олуттуу өзгөрүүлөр болбойт деп ишендирип кетти.

Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн Энергетика жана өндүрүш министрилигинин өкүлдөрүнө жазган катынан улам Бишкек ТЭЦ  долбоору боюнча “соттук териштирүүлөр болуп калса, Кыргызстан өлкөнүн жана мамлекеттик мүлктүн кызыкчылыгын коргоо укугунан ажыратылары” белгилүү болду. Ушул эле шарт Кытай менен түзүлгөн башка кредиттик макулдашууларда да бар.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы бул макулдашуулар тынчсыздандырат. Анын айтымында, Кыргызстан милдеттерин аткара албай калса, өлкө өзүн коргой албай калат.

“Биринчиден, бардык соттук териштирүүлөр Кытайдын аймагында өтөт. Бул тууралуу макулдашууда айтылат. Экинчиден, майда бир милдетти аткарбай коюу кандайдыр бир юридикалык кесепеттерди жаратышы мүмкүн. А эгер тараптар ортосунда олуттуу талаш болсо, Кыргызстан кредиттик милдеттерин аткаруу үчүн мүлктүн кандайдыр бир бөлүгүнөн кол жуушу мүмкүн”,  -дейт ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сайтындагы маалыматка ылайык, 2016-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын бардык мүлкүнүн баланстык баасы 46 миллиард долларды түзөт. Улуттук банктын карыз төлөө маалына карата курсу боюнча маммүлкттүн баасы 609 млн долларды түзөт. Эске салсак, Кыргызстан мамлекеттик кепилдик менен Кытайдын “Эксимбанкынан” 1 млрд доллар алган.

Кыргызстандын мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков кредиттик макулдашууларда тобокелдиктер бар жана ал өлкө үчүн пайдасыз деп эсептейт.

“Казакстан мындай насыя алган. Акыр аягында миңдеген гектар жер менен төлөшкө туура келди. Мен ушундан корком. Кезинде мен Кытай кредити үчүн каршы чыкканмын. Биз Польшадан 20-15 млн доллар  насыя алып, айыл-чарба техникаларын сатып алганбыз.  Мамлекет коммерциялык кредиттерди албашы керек. Өкмөт 1-2% үстөк менен карызды фабрика-заводдорду курууга алса түшүнөм, ишканалар болочокто кирешелүү болушу мүмкүн, карызды төлөй алат. А бирок каржыны мамлекеттик маанидеги инфраструктурага – жол оңдоо, ТЭЦти жаңылоо, мектеп курууга алса, мындай коммерциялык кредиттерди алуу мамлекет үчүн пайдасыз”, – дейт ал.

Редакция Кытайдын “Эксимбанкынан” комментарий алууга аракет кылды. Материал чыгып жатканда катка жооп келген жок.

Кыргызстан өкмөтү менен Кытайдын “Эксимбанкынын” кредиттик макулдашуулары боюнча министрликтердин ортосундагы макулдашуу процедуралары бузулганы иликтөө учурунда белгилүү болду.

2011-жылы Астанада кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү линиялар долбоору боюнча кредиттик макулдашууга юридикалык бүтүм парламент раификациялагандан кийин гана келген. Ушундай эле так эместиктерге “Датка-Кемин” курулушу боюнча бүтүмдө да жол берилген. Ал депутаттар колдогондон бир айдан кийин гана чыгып жатат. Редакция Юстиция министрлигинен “Эмне үчүн Юстиция министрлиги ратификациядан кийин юридикалык бүтүм берип жатат?” деген суроого жооп алууга аракет кылды.

Юстиция министринин орун басы Махамаджан Иминов комментарий берүүдөн баш тартты.

 

“Бул макулдашуулар Конституцияга жана эл аралык стандарттарга дал келиши боюнча бир нече экспертизадан сөзсүз өтүшү керек эле. Юристтер долбоорлор менен таптакыр иштебегендей туюлат. Конституцияга дал келиши боюнча бүтүмдө Баш мыйзамга эч кандай карама-каршылыктар жок деген бир эле сөз айтылат, терең анализ жок. Биринчи кезекте, Кыргызстандын аймагында соттук териштирүүлөрдөн баш тартышканы боюнча маселе изилдениши керек эле. Кимдир бирөө макулдашууну аябай алга сүрөп, юристтерге маселени терең анализдөөгө мүмкүнчүлүк бербегендей”, – дейт Клара Сооронкулова.

Үч кытай долбоору боюнча кредиттик макулдашууларга 2011-2013-жылдары кол коюлган. Миллиард долларлык үч энергетикалык долбоордун башкы аткаруучусу  – ТВЕА  кытай комапниясы Бишкекте 2011-жылы өкүлчүлүгүн ачкан. Фирма Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы  орун басарынын атындагы имаратка катталган.

Эске салсак, ал кезде Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган. 2011-жылдын декабрында ал КРнын президентти болду. Ошол эле жылы вице-премьер-министр болуп турган Өмүрбек Бабанов 2012-жылдын 24-августунда премьер-министрлик кызматка киришти.

Иликтөөнү “Журналисттик иликтөөлөр медиа бюросу”  “Интерньюс” жана “Клооп Медианын” колдоосундагы “Борбор Азиядагы көз карандысыз ММКларды күчтөндүрүү” долбоорунун алкагында даярдады.

Өнөктөштөр:
“Биздин кылым” коомдук фонду

“Көз карандысыз журналисттик иликтөө” коомдук фонду

 


Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz