Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.

Коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары  Ван Шин Ганг тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусуна тилектештигин билдирди.

Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле миң даана коргонуучу кийимдер келди.  Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген