Кыштын көркү виола. Ош шаарына 77 миң даана гүл эгилди

Кар астында гүлдөгөн виола гүлдөрү Ош шаарына олтургузулду. Бул тууралуу Ош шаарынын Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынан маалым болду.

Бүгүн, 5-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтынын алдына жана шаардын көрүнүктүү жерлерине виола гүлүнүн 7 түрүнөн 77 миң даана эгилди.

Гүлдүн башка түрлөрүнөн айрымаланган виола суукка чыдамдуу, кар астында да гүлдөй алат.

“Ноябрь айында эгилген гүлдөрүбүз кышы менен туруп, эрте жазда кайрадан кар алдынан гүлдөп ачылып, шаарыбызга көрк берет”,-деп билдирет Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты.

Алагүл (Viola) – өсүмдүктөрдүн алагүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык гүл. Сабагынын узундугу 15-20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу жана үч түстүү алагүл кеңири таралган. Алтай алагүл тоо шалбааларында, Алтай тундраларында, Теңир-Тоодо өсөт. Кыргызстанда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген