Кырыз тилинде тейлөөнү талап кылган түрк журналистин соцтармакта колдоп жатышат

Социалдык тармактарда  туристтерге кыргызча жооп берүүнү талап кылган түрк журналистинин видеосу талкуу жаратты. Окуя Бишкектин “Чуңкурчак” кышкы эс алуу жайында болгон.

Видеодо өзүн түрк журналистимин деп тааныштырган Огуз Доган эс алуу жайдын кызматкерлеринен кыргыз тилинде тейлөөсүн талап кылып жаткандыгы тартылган. Огуз Доган өзү кыргыз тилинде так сүйлөп, ал жердеги кызматкерлердин мамлекеттик тилди билбегендигине нааразы болгон. Ал эми эс алуу жайдын кызматкерлери болсо, “Кыргызстан – эки тилдүү өлкө, кыргыз, орус тилдеринде сүйлөөгө болот”, – деп жооп берген.

Бул видео Кыргызстанда эле эмес, баша өлкөлөрдө да талкуу жаратты. Көпчүлүк Огуз Догандын айткандарын колдоп,  эс алуу жайдагы кызматкерлерге карата терс пикирлерин жазышкан.

Ош-Баткен-Исфана жолунун Кадамжай шаары аркылуу өткөн аймагындагы жээгине таштанды ташталып, трассанын эки тарабы тең акыр-чикирге толгон. Эки жылдан бери бул көрүнүш айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Жыл сайын экотехинспекциясы  тийиштүү кызматтарга эскертүүлөрдү бергени менен абал өзгөрбөй келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген