Кырсыктардын алдын алуучу үгүт жүрүш

30-ноябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунда патрулдук милиция кызматы үгүт жүрүш өткөрдү. Жүрүштө жүк ташуучу унаага кырсыктан жараксыз абалга келип калган транспортту жүктөшүп, каттам көп болгон негизги көчөлөрдү кыдырып чыгышты.

Ошондой эле эл көп жерлерге токтошуп, айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн этият болушун эскертишти. Өзгөн райондук патрулдук милиция кызматынын башчысы Улан Мырзалиевдин айтуусунда, акыркы учурда байма-бай катталган жол кырсыктарынын көпчүлүгү эрежени сактабай, катуу ылдамдыкта айдагандыгынын натыйжасы. Болуп жаткан кырсыктар өзгөчө кайсы жерлерде жүз берип жатканы иликтенген. Натыйжада, Куршаб, Ана- Кызыл жана Жылалды зоналарында кагылышуулар көп болоору белгилүү болгон.

Мындан ары бул көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн аталган аймактарда жол сакчылары эки мөөнөт менен иш алып барышууда. Ушул эле максат менен мектеп окуучуларына да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал эми үгүт жүрүш квартал сайын өтүп турат.

Быйыл Ош облусунда жалпы 707 кырсык катталып, өткөн жылдагыга салыштырганда 24 учурга көп. Алардын басымдуусу Бишкек- Ош жолунда катталган.

 

Журналист: Нуржамал Баргыбаева

Оператор-монтажер: Кымбатбек Абдисамат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.