Кырсыкка кабылган окуучулардын үчөө ооруканада

3-октябрда кырсыкка кабылган окуучулардын үчөө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында. Дагы үчөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облустук патрулдук милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

“3-октябрь күнү саат 18.00дөр чамасында окуучуларды үйүнө жеткирип бара жаткан Mersedes Benz-313 үлгүсүндөгү маршруттук такси Honda Step автоунаасы менен кагышып кеткен. Андан алты окуучу жабыркаган. Маршруткада “Жетиген” мектеп-гимназиясынын окуучулары болгон”,- деди Бечелов.

Ал кошумчалагандай, унаанын кырсыкка кабылышына 25 жаштагы айдоочусунун телефонго алаксып кеткендиги себеп болгон.

Эске салсак, калаада июнь айынын башында окуучулар катышкан жол кырсыгы катталган. Мектеп бүтүрүүчүлөрү катуу ылдамдыкта унаа айдап бара жатып, кырсыкка кабылышкан. Эки окуучу жабыркап, бири ооруканада, экинчиси үй шартында дарыланган. Окуядан кийин Ош облустук ички иштер бөлүмү болсо 18 жашка толо элек балдар арасында түшүндүрүү иштерин жандантууну күчөтөрүн айткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген