

Кечээ, 23-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Саат 16:36 чамасында аталган райондун Таш-Булак айылында Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.
“Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы 1 эркек киши каза болуп, 54 жаштагы 1 аял жабыркаган. ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган аялды “Тез жардам” кызматы ооруканага алып кеткен, ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”, – деп айтылат маалыматта.
- 24.02.2021