Кырсык: Шамалды-Сайда чек ара кызматкери үч адамды сүзүп кетти

Шамалды -Сай шаарында чек ара кызматкери унаасы менен үч адамды сүзүп кетти. Кырсык болгон учурда айдоочунун мас абалда болгондугу айтылууда.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкери окуя болгон жерде унааларды да сүзгөндүгүн күбөлөр айтышкан.

“Айдоочу алгач эки унааны сүзүп, анан жол четинде турган адамдарды сүздү. Алардын үчөөсү ооруканага жеткирилди”,-деп билдиришкен окуянын күбөлөрү 24.kgге.

Аскер прокуратурасы “Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу” беренеси менен чек ара кызматкерин суракка чакырып, иш сотко өткөрүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген