Кырсык: Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды

Бишкек-Ош унаа жолунун 601-чакырымында эки унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Hyundai Porter унаасы Daewoo Lanos унаасын артынан келип сүзгөн.

Натыйжада Daewoo Lanos унаасынан өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракат алган. Жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жолдо бараткан унаалардын жардамында жеткирилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген