Кырсык: Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышып, эки адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун 216-чакырымында 2 Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталганын ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек киши каза болуп, 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан.

Жерине ӨКМдин№2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жолдо өткөн унаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.