Кырк дарыгер төрткөлдүктөрдү акысыз текшерди

Элетте жашагандар жеринде акысыз медициналык кароодон өтүп жатышат. Шартка байланыштуу шаарга келип көрүнө албай жүргөн, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн тургундары акысыз кеңеш алууга жапатырмак келишүүдө. Иш-чараны “Дени сак эл” ассоцияциясы уюштурган. 

Кезектеги акысыз медициналык текшерүү Өзгөндүн Төрт-Көл айыл өкмөтүндө өтөөрү белгиленген.  Дарыгерлер келет деген кабарды уккан миңге чамалуу эл таң эрте чогулушкан. Мында келгендердин дээрлик баары алыска барып көрүнүүгө шарттары жок. Алардын катарында балдаксыз баса албай калган Айтибай Калматов да бар.

“Ошко барган жокмун, көрүнө алган жокмун. Отурганда оорубайт, азыр мен такандап басып кете албай жатам. Өзүмүн жүгүмү өзүм көтөрө албай атам. Ушул боюнча врачтардан кенеш сурайын деп келдим”- дейт Шоро-Башат айылынын тургуну Айтибай Калматов.

Төрт-Көл айыл өкмөтүндө 13 миңге чукул калк жашайт. №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда адистер жетишсиз болгон үчүн жергиликтүүлөр Өзгөн же Ошко барып көрүнүшөт. Андыктан акысыз медициналык текшерүүнүн мында уюштурулганы көпчүлүккө макул. Кезекке тургандар абдан көп. Шоро-Башат, Бостон, Ана-Кызыл, Жыланды айылдарындагылардын саламаттыгын текшерүүгө 40 дарыгер 22 медициналык тармак боюнча келишкен.

Ыктыярчы дарыгерлер тобу УЗИ, кардиограмма сыяктуу аппараттары менен бейтаптарды жеринен текшеришип, дарттарын аныкташты. Оор илдетке кабылган жарандарга Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына багыттама берилди.

“Дени сак эл” ассоцияциясы бир жыл мурда түзүлүп, өлкөнүн түштүгүндөгү алыскы аймактарда жашагандарды акысыз медициналык кароодон өткөрүп келишет.

Тоолуу райондордогу дарыгерлер жетишпеген аймактарга барып, өзүбүздүн медициналык практикалык карооларубузду уюштуруп жатабыз. Мындай кийин да бул иштер уланат. Буга чейин 15 миңге жакын жарандын дарттарын жеринде  аныктап, биринчи диагноздорун коюп келебиз. Бул жерде кан басымы жогору адамдар көп катталат экен. Аны менен катар ич көңдөй оорулары, өт, боор оорулары да катталып жатат. Эми ушул жарандарга жардам берели деп келип калдык”,- деп билдирди  “Дени сак эл” ассоцияциясынын башчысы Максатбек Жумабаев. 

Оор илдетинин айынан келе албаган адамдары дарыгерлер үйлөрүнө барып көрүп жатышты. Бейтаптардын илдетин аныктап, тиешелүү дары-дармектерди жазып беришти. Алдыда ушундай эле акысыз медициналык текшерүү Жалал-Абаддын Ноокен районунда өткөрүү белгиленген. 22-апрель күнү каалоочулар Ноокен айыл өкмөтүнөн саламаттыгын текшертсе болот.

Видео: Кымбатбек Абдисамат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген