Кыргызстанга Токтогул ГЭСи үчүн жаңы ротордук дөңгөлөгү келди

Токтогул ГЭСи үчүн жаңы дөңгөлөк Кыргызстанга келип, станциянын өзүнө жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дөңгөлөк “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо – 2-фаза” долбоорунун алкагында алмаштырылууда. Ал бекеттин бекемдүүлүгүн жогорулатат.

Жаңы дөңгөлөк Кытайда атайын GE Hydro заводунда чыгарылат. Диаметри 5,5 метр, бийиктиги 2,4 метрден жогору, салмагы 76 тонна.

«Өндүрүүчү заводдон дөңгөлөк өлкөгө атайын шаймандардын жардамы менен жеткирилген. Жабдуулар ГЭСке чейинки 4 миң 700 чакырым жолду басып өтөт. Станциянын төрт гидроагрегатын тең алмаштырууну 2025-жылы аяктоо пландалууда », – деп билдиришти компаниядан.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=3030299810589216&id=100001070227302

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.