Кыргызстанга Татарстандан ири бизнес делегациясы келди

Бүгүн, 25 -августта соода-өнөр жай палатасында Татарстандын бизнес өкүлдөрүнүн Кыргызстандын ишкерлери менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага караганда, орусиялык делегациянын курамында экономиканын ар кандай чөйрөлөрүндө иштеген 20дан ашык компаниялардын өкүлдөрү бар: алар айыл чарба, өндүрүш жана курулуш техникасы, продукцияны сертификациялоо, токой чарбасы, суу жана газ менен камсыздоо, металлургия жана тоо-кен, курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу, самын жана косметика продукциясын чыгарган чөйрөдө иштеген бизнесмендер.

Соода-өнөр жай палатасындагы жолугушуу анын жетекчилигинин, ошондой эле Каракол шаарынын бийлигинин, ата мекендик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жолугушуун алкагында орус тарап 27 -августта Бишкекте соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен өтүүчү “B2B” бизнес форумуна да катышат.

Татарстандын Кыргызстандагы бизнес миссиясы 30 -августка чейин созулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.