Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди

Кыргызстанга Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 9-сентябрда, «Манас» эл аралык аэропортунда аны министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында бүгүн, 10-сентябрда Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.