Кыргызстанга Түркиянын аскердик делегациясы келди

Кыргыз жана Түрк өлкөлөрүнүн коргоо ведомстволорунун ортосунда жетишилген келишимдерге ылайык, 28-июнда, Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар башында турган аскердик делегация Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу коргоо министрлигинен кабарлашты.

Маалымат боюнча, Түркиянын Улуттук коргоо министринин расмий иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуу пландаштырылып, анда эки өлкөнүн коргоо башкармалыктарын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланат.

Ошондой эле, аскер делегациясы “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барууну пландаштырууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.