Кыргызстанга Түркиядан 150 миң доза Sinovac вакцинасы келди

Кыргызстанга Түркия өлкөсүнөн гранттык негизде 150 миң доза Sinovac коронавирус вакцинасы келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, аталган вакцина менен 18 жаштан өткөндөр эмделет. 1-жана 2-дозалардын ортосундагы аралык 2-4 жума болушу керек.

Министрлик Sinovac-CoronaVac вакцинасы COVID-19нын алдын алуу үчүн ДССУнун шашылыш тизмесине киргенин жана ДСУнун эмдөө боюнча эксперттик консультативдик тобунун (SAGE) кароосунан өткөнүн белгилейт.

Бул эл аралык коопсуздук стандарттарына, өндүрүштүн эффективдүүлүгүнө жооп берет. Вакцина Кытайдын Пекин шаарындагы “Sinovac” фармацевтикалык компаниясы тарабынан чыгарылган.

Sinovac-CoronaVac-инактивацияланган вакцина жана ийин булчуңуна сайылат.

Вакцинанын бир дозасы (0,5 мл) жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • активдештирилген SARS-CoV-2 вирусу (вакцинада COVID-19 козгоочу тирүү вирус жок);
  • алюминий гидроксиди (кошумча);
  • активдүү эмес кошумча заттар: натрий фосфаты, натрий дигидроген фосфаты, натрий хлориди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.