Кыргызстанга миңден ашык бодо малды мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду

Кыргыз-казак чек арасында 1266 баш айыл чарба жаныбарларын жана башка товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Жүк ташуучу унаалар “Ак-Тилек” эсеп пунктунда кармалды. Алар 272 баш бодо малды, 910 – майда мал, 22 тонна кебек, арпа, трубалар, 9 тонна минералдык плиталарды жана көчмө мончону ташып баратышкан.

Мындан сырткары, “Чалдыбар” эсепке алуу пунктунда 69 ат, 15 бодо мал, 15 тонна тооктун жумурткасы, эки автоунаа жана гигиеналык каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Ал эми, “Ак-Жол” эсепке алуу пунктунда эки тонна чай жана малдын майын, ошондой эле башка группалык жүктөрдү ташыган унаалар кармалды.

«Бардык импорттоочулардын товарларды импорттоого уруксат кагаздары болгон эмес. Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамдарга ылайык кийинки чаралар үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди ”, – деп белгилешти салык кызматынан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.