Кыргызстанга кайткандар

КЫРГЫЗСТАНГА
КАЙТКАНДАР

Батыштагы карьеранын ордуна алар үйүн тандашты...
Neupusti.net порталы чет жактагы эң беделдүү университеттерден билим алып, бирок Батыштагы жашоону эмес, мекенин тандаган борборазиялыктар тууралуу макалалар топтомун жыйынтыктайт. Бул жолку чыгарылыш кыргызстандык каармандарга арналат.

Азат Тороев, 22 жашта. АКШда билим алган. Чикагодо TEDx`те сөз сүйлөгөн
– Менин атым Азат Тороев. Алматыдан болом, бирок азыр Токмокто жашайм. Биринчи даражадагы майып болуп төрөлгөм, шал оорум бар. Көп убакыт бою баса албай жүрдүм. Кийин оор физикалык терапиянын жардамында бутка турдум. Өз алдымча 12 жашымда кадам шилтедим. Ага чейин үйдө билим алчумун. 12 жашымда мектепке бардым. Олуттуу социалдашуу башталды. Баарын башкача кабылдап жаттым: алгачкы көз ирмемдер, алгачкы мектеп. Мен үчүн 5-класс 1-класс болду. 11-класста FLEX программасына катыштым. Анын жардамында АКШга окуучу кезимде бир жылга кеттим .

– Кайсы штатта болдуңуз?

– Колорадо штатында. Форт-Коллинз шаары. 2013-2014-жылдары.

– Кийин эмне болду? Кайда тапшырдыңыз?

- Үйгө кайтып, жергиликтүү окуу жайга - Борбор Азиянын эл аралык университетине тапшырдым. Эл аралык мамилелер факультетинде окуйм. Азыр акыркы - төртүнчү курстамын. Биринчи жана экинчи курста Токмок жана Алматы шаарларында мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды өнүктүрүү боюнча долбоорду активдүү ишке ашырдым. Жүздөгөн мүмкүнчүлүгү чектелүү өспүрүмдөргө бул жашоодон эмнени күтөөрүн түшүнүп, колледж, университетке кантип тапшырып же профессионалдык өнүктүрүү программаларын кайдан тапса болорун үйрөттүк.

Бул эки жылга созулду. Алардын көбү кийин жогорку окуу жайларына ийгиликтүү тапшырып, азыр билим алууда. Экинчи жолу АКШга университеттик тажрыйба алмашуу программасы менен келгенимде Чикагодо «TEDх» конференциясына катышып, өз окуям, долбоорум тууралуу айтып бердим. Кайра бул жакка келгенде ошол эле багытта иштеген фондду түптөдүм.
TEDx деген эмне?

TEDx конференциялары "Жайылтууга татыктуу идеялар" TED миссиясынын духунда жаралган. Бул конференциялардын башкы максаты - жергиликтүү жамаат, уюм жана ишкерлерге TEDx форматында тажрыйбасы менен бөлүшүүгө шарт түзүү.
– Америкадагы жашоо тажрыйбаңыз тууралуу айтып бере аласызбы? Ал жакта шарттар ыңгайлууракпы? Долбоорлорду ишке ашыруу оңойбу?

–Ал жакта окуучу жана студент катары жүрдүм. Эки тажрыйбам бири-биринен өтө айырмаланат. Биринчи байкаганым - жатаканада жана бардык шарты бар үй-бүлөнүн колунда жашоонун айырмасы болду. Экинчисинде эсимде калганы - ал жакта жаштарга үстүртөн мамиле кылышпайт. Студент экениме карабай, идеяларымды ишке ашырууга жардам берип, менин потенциалыма ишеништи.

Ал жакта адамдар маалымат бөлүшүүнү абдан жакшы көргөн үчүн мени TEDх`ке сунушташты. Алар сенин жакшы бир нерсеге татыктуу экениңди көрүш үчүн жаш курагыңа, тегиңе карашпайт. Ал жакка капысынан эле берилип калган сунуштама менен барып калдым, өзүм тууралуу айтып берүүнү сунуштап, конференцияга чакырышты. Өзүңүз айткандай, ал жакта мүмкүнчүлүктөр аябай көп, бирок ал мүмкүнчүлүктөрдү адамдар өздөрү жаратышат. Борбор Азиянын көйгөйү, менимче, биз жогорудагылар камсыз кылат деп күтүп отура бергенибизде. Америка Кошмо Штаттарында бул үчүн өз алдынча күрөшүп, мамлекет менен түздөн-түз иштешишкен.
– АКШга көчүп кетүү планыңыз барбы? Ал жакта калгыңыз келчү беле? Же Борбор Азиядагы адамдар үчүн кызыктуу долбоорлорду ишке ашырам деп атайын мекениңизге кайттыңызбы?

– Студент кезимде аябай калгым келчү. Биринчи жолу үйгө кайтканда менде reverse culture shock болду: баары ушунчалык жапайы сезилээр эле, кеткем келчү. Студент катары экинчи жолу барганымда адамдар чынында кантип жашарын - сени эч ким коргоп, этияттабай турганын, өзүң менен өзүң экениңди, АКШ биздей эле өлкө экенин, болгону алдыга оозуп кеткенин түшүндүм. Бирок биз болжол менен бир эле жерден баштаганбыз да. Бул жакка келгенимде жакшы адамдар: "Сен АКШда калып, жакшы жашоону баштан кечиреп жатканда, сенин адамдарың өз мекенинде бир нерсе кылып, күрөшкөнгө аракет жасап жатса, Чикагодо калганыңдан не пайда? - дешти. Менин каарманым - Мартин Лютер Кинг-кичүү. Мен дайыл ошол кишидей болгонго аракет кылам, Мартин Лютер Кинг эмне кылмак эле деп ойлоном. Бул жакта эле калып, Мартиндей болуп күрөшөм деп ойлойм. Ал тынч эле бир жакка кетип калса болмок. Бирок кеткен жок, күрөшүүнү уланта берди. Жыйынтыгында анын эмгеги чоң натыйжаны жаратты. Ушундай таасир болоруна үмүт артпайм. Бирок көбүрөөк жаштар бизде калса дейм.

Мартин Лютер Кингдин сүрөтү/ Сүрөт 24smi.org сайтынан алынды
Фондду «Valid» деп атаган туура болот деп ойлодум, баарыбыз чыныгыбыз, жакшы адамбыз, алгылыктуу иш жасай алабыз, бизде жаман нерсе жок.
-Фонд түздүм дедиңиз. Ал тууралуу кенен айтып бербейсизби. Уюм эмне менен алектенет?

– Фондду өткөн жайда эле түздүм. Тажрыйба топтоп келгем. Жалгыз иштөө негизи сонун, эки ача пикирлер болбойт. Көпчүлүк адамдар өзүң түзөсүңү же иштейсиңби, иши кылып кайсы бир уюмдун атынан чыксаң, ишеним көбүрөөк болот дешти. А мен өзүм чыгармачылыкты аябай жакшы көрөм, өзүмдүн блогум, сайтым бар, ошол жакка жазам. Чыгармачылык менен алектенүү аябай жагат. Майыптык арабада отурганда дал ушул чыгармачылык кандайдыр бир үмүттүн булагы болду белем...

Арабада отурганым, эч качан баспай турганым жөнүндө ойлонбой, жөн эле жарата бердим. Менимче ушул сезимди көп адамдар кармап калса болот.

"Инвалид" деген сөз мендей адамдар мындай бир туура эмес дегендей элес калтырат. Фондду «Valid» деп атаган туура болот деп ойлодум, баарыбыз чыныгыбыз, жакшы адамбыз, алгылыктуу иш жасай алабыз, бизде жаман нерсе жок дегим келди. Жакында эле каттоо жараянынан өттүк. Бул аябай татаал болду. Эч бир имарат арабачандарга ыңгайлашпаган үчүн ыңгайлуу кеңсе таба албай жатабыз. Арабасында же таянгычы менен эч ким имаратка кире албайт. Биз үстүртөн бир аз гана оңдогонго боло турган, ар бир адам кире алчу имарат тапканга аракет кылып жатабыз.

Биз башка долбоорлорду да кыйыр түрдө колдогонго аракет кылып жатабыз. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын чыгармачылык шыгын, потенциалын өнүктүрүү менен алектенебиз. Бизге келгендердин бирөө-жарымы чыгармачылык менен профессионалдык деңгээлде алектенсе, Entertainment Industry агенттигинин өкүлү катары чыгара алабыз. Алар мыйзамдуу коргоого ээ болуп, бүт карьера жолунда биз кеп-кеңеш бере алабыз.

– Кетсемби же ушул жерде калсамбы деп чечим кабыл алуу алдында тургандарга сиз кандай кеп-кеңеш берет элесиз?

– Баалуулук, эгер сен чет жакта бир иш жасасаң, ошол эле ишти өз өлкөңдө жасаганчалык чоң жана маанилүү болбойт. Сен өз өлкөңдүн өнүгүшүнө жардам бересиң. Өз мекениңде калууну чечкен адамда укмуштуудай бир ишти жасоого мүмкүнчүлүгү бар. Жүрөгүң эңсегендин баарын. Эркиндик бар, мүмкүнчүлүк бар. Бирок ал мүмкүнчүлүктөрдү өзүбүз жаратуубуз керек. Дал ошол АКШдагыдай эле - өкмөт менен түздөн-түз иштеп, ошол байланышты кармоо. Чынында бул сонун. Өткөндү эстеп отуруп, ошол тажрыйбанын баарын эч нерсеге алмашмак эмесмин деп ойлоп жатам. Мүмкүнчүлүктөр биз ойлогондон да кенен!

Талгат Молдалиев, 27 жаш. Кытайда билим алган
- Сиз билим алууга эмне үчүн Кытайды тандадыңыз? Себеби бар беле?

– Мен Кытайды эмне үчүн тандадым? Европага, Америкага баргым келчү, бирок Кыргыз улуттук университетине тапшыргандан кийин - 16-17 жашымда Кыргызстандагы билим берүү системасы эскирип калганын түшүнүп калгам. Китеп колдонмолор жок, адабияттар китепканаларда да жок, болсо да 80-90-70-жылдардагы китептер. А ал кезде 2007-2008-жыл эле. Мен убактымды туура пайдаланып, Европа же Америкада билим алып келүүнү гана кааладым. Бирок ал жакка бааруу кыйын экенин жакшы билесиз, андыктан Кытайга токтолдум. Мен окуума катар эле кытай тили боюнча курстарга бара баштадым. Башкы директор Кытайга да жөнөтчү экен. Жогорку билимди сырттан алууну аябай эңседим. Ата-энемди көндүрүп, Кытайга учтум. Сиань шаарында бир жыл тил үйрөндүм, күнүнө 12 сааттан окудум. Тестти аябай жакшы тапшырдым. Ушундан кийин Шанхайда окуган досторума каникулда бардым. Шаар жагып, ал жакта жашап калууну, окууну, иштешти кааладым.

– Акысыз окудуңузбу? Же Кытайдагы окуу үчүн акы төлөп жаттыңызбы?

– 18 жашта элем. Сиань шаарында ата-энем окуу, жашоо, тамак-аш баарын төлөштү. Шанхайда болсо окуу келишиминин өзү эле 5000 доллар турат. Ата-энеме чалсам, мени эми каржылай албай турушканын айтышты: "Өзүң иш таап, жолун тапсаң кал, болбосо Бишкекке кайт", - дешти. Башка жол жок болчу, мен катуу даярдана бердим, бая айткандай күнүнө 12 сааттан окуп.
– Шанхайда окууну уланттыңызбы?

- Жок, Сианда экзаменге даярдандым. Шанхайга гранттык окууга тапшырдым. Эки университетке - Шанхай экономикалык университети менен Тил университетине - чет тилдерин үйрөнүүгө өттүм. Тандашым керек болчу. Экономикалык университетти тандадым, эл аралык бизнес-башкаруу багытын. 2009-жылы окууга кирип, гранттык негизде билим алдым. Ага катар эле компанияларда котормочу болуп иштедим. 2014-жылы Шанхайда кыргызстандыктардан биринчилерден болуп кафе ачтык.

– Маданияты такыр башкабы?

–Билбейм, бөтөн адамдарга, баарына бат көнөм. Жакшыга, албетте, адамдар тез эле көнөт. Начар шартка деле үйрөнүп калганбыз. Биринчи күндөрү нансыз кыйын болду. Ал жакта негизинен күрүч жешет го. Кийин шашлык, анан саткан жерлерди таап, ошол жактан тамактанып калдык. Шанхайда үйдө тамак даярдачу элек. Кытай ашканасына жакын эмесмин. Өзүбүздүн ашкана жагат.

– Башкача жашоо тартибине көнүү кыйынга турдубу?

– Кытайлар менен жанаша жашадым дей албайм, анткени, Синайда КМШдан барган студенттер, корейлер менен жатаканада жашадым. Шанхайда батирде турдум, анткени кыргызстандык досторум менен жакшы акча тапчубуз. А көчөгө чыкканда, кааласаң, каалабасаң да, жергиликтүүлөр менен алакада болосуң. Мисалы, европалыктар жана америкалыктар өтө ачык, биз - кыргызстандыктар, Орто Азия - мындай ортодобуз, балансты кармайбыз. А кытайлар аябай жабык, алар менен тил табышып, жалпы теманы кармоо, ачык сүйлөшүү, албетте, кыйын болду. Ал жакта баары шаардан көз каранды. Мисалы, Сианда адамдар ачыгыраак: жардам сурасаң, кол сунат, түшүнбөй атсаң, 3-4 саат убактысын бөлө алышат.
Кыргыздарда "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деген макал бар
Билим берүү системасы биздикинен канчалык айырмаланат? Башка жакта эмес Кытайда окуганыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Чынын айтсам, билим берүү системасы тууралуу бир нерсе деш кыйын, анткени мен Европа, Америкага бара элекмин. Бирок Кыргызстанга салыштырмалуу билим берүү системасы, албетте, жакшыраак. Албетте, артыкчылык-кемчиликтери бар. Борбор Азиядагы университеттер, менимче, коррупциялашкан, а Кытайда өзүң тапшырып, өзүң окуйсуң - башка жол жок. Мугалимдер аябай кесипкөй, берилип иштешет. Бишкек боюнча салыштырайын. Мисалы, Бишкектеги университеттердин көбү электрондук системага өтө элек, материалдар жок. Кытайда, мисалы, мен 2013-жылы окуп жатканда биз жок эле дегенде 2012-жылы чыккан китептерди колдонуп жаттык, башкача айтканда, материалдар тынымсыз жаңыланат.

А кемчилиги болсо кытайлар жаттап окушат. Алар бир нерсеге жетүү үчүн эмес, жөн эле баа үчүн, жашоонун кайсы бир этабын басып өтүү үчун окушат.
– Кытайда калып, ошол жакта бизнес түптөө оюңуз болбоду?
–Ал жакта баары сонун болчу: 2010-жылы биз "КыргызЮнион" биримдигин түптөдүк. "Борбор Азиядагы эң мыкты социалдык долбоор" катары биринчи орунду алдык. 2016-жылы "Азиямикс" менен катар чет жактагы эң мыкты диаспора аталдык. Бизди эч ким каржылаган эмес. Бишкекте кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайы сыяктуу көп долбоорлорду ишке ашырдык. Кытайга барбасам, ушундай чоң бирикменин бир бөлүгү болмок эмесмин, ал азырга чейин иштейт. Албетте, Кытайда калып, "КыргызЮнионду" андан ары өнүктүргүм келди. Уюм Кытайда эле эмес, башка шаар, мамлекеттерде да иш алып барат. Кафени да өнүктүргүм келди, экинчисин ачып. Биз аябай жакшы акча тапчубуз - Шанхайда бейрасмий 30 млн адам бар. Даамдуу тамак жасасаң, адам агымы үзүлбөйт. Көп адам кирчү. Бирок кыргызда "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деген макал бар го, анын сыңары турмуштук жагдай менин эмес, кафе ачкан команданын пайдасына иштеди. Биз бир нече адам элек...Бирөөсүнүн карындашы кырсыкка кабылды, Кытайда медицина аябай кымбат. Апама 3-4 жолу операция жасалыптыр, мага айтышпаптыр. Каникулга келип, анын абалын көрүп, өзүмдү жаман сездим.

Магистратурага да гранттык негизде өткөн элем. Магистратураны таштадым, бакалавриатты бүтүрдүм. Жетишпей жатканыбыздан кафе да артка кетип, жабышка туура келди. Чоң максаттар бар эле. Кыргызстанга келип, башында, албетте, өкүндүм. Кытайда котормочу болуп күнүнө 100-150 доллар тапчумун. Кафе ачканда, күнүнө 1000 доллардан киреше түшчү, жакшы акча тапчубуз.

А бул жакта биз бир нече күндө же бир күндө тапканды адамдар бир айда табат.
Албетте, ушул ченди, ушул чындыкты кабыл алуу кыйын болду. Мен депрессияга түштүм. Андан чыгууга гитара жардам берди. Бирок биринчи кезекте диним жардам берди.

Ушул чыныгы турмушту кабыл алып, арыз-муңду токтотуп, жагдайга бой сунуп, аракеттене баштадым. Кийин курстарды ачтым, Тышкы иштер министрлигинде КЭР боюнча бөлүмдө иштедим.

– Кандай курстарды ачтыңыз?

– "Чайна Мани" деп аталган курстар. Мен бир эле убакта ТИМде иштеп, курстарды уюштурдум. Бирок эки отургучта отуруу кыйын экен, курсту жабышка туура келди. ТИМде мен дээрлик бир жыл иштедим. 2015-жылы биз "КыргызЮниондун" атынан Кыргызстан боюнча тур уюштурдук. "КыргызЮнион" бүт облустарды түрө кыдырып, документалдык тасма тарттык. Жалал-Абад облусунда ашууда чатырдан чыгып, ушундай керемет жылдыздарга тигилдим, жанымда от... Асманды карап, ырахат алып отуруп, ТИМде бекер убакыт кетирип жүргөнүмдү түшүндүм. Мен азыр сын такпайм, ал жакта да жакшы адамдар көп, мага көптү үйрөтүштү. Жөн гана эмнени кааларымды түшүндүм, анын ТИМге такыр байланышы жок, жаштыгымды, күчүмдү, дымагымды ага сарптабаш керек эле. "КыргызЮнионду" мында ары өнүктүрүүнү чечип, ТИМден кеттим. "КыргызЮнионду" өнүктүрдүм: дүйнөнүн 25 шаарынан 1200 адам бар, биздин долбоорго эң мыкты 100 кыргызстандык катышты. Эң сонун долбоор, номинацияларды жасадык. Бирок номинация үчүн эмес, пайда алып келиш үчүн. Анан 2017-жылга келип, командабыз менен эч бир тыйын таппаганыбызды, ушунун баарын дымагыбыз менен эле жасай бергенибизди түшүндүм. Былтыр баягы курстарды "СтадиДон" деген ат менен жандандырдык. "Дон Карлеоненин" атынан - "Крестный отец", эң белгилүү тасма.

Мурда кримчөйрөдө, каардуулукта, куралда күч болсо, азыр билимде күч экенин айтам. Ошондуктан, "СтадиДон" деп атадык. 2017-жылдын апрелинде ачылдык. Азыр бизде 300 студент англис жана кытай тилдерин үйрөнүүдө. Мындай методика КМШ өлкөлөрүндө жок деп ишенимдүү айта алам. Жакында Шанхайга бардым, ал жактагылар биздин методиканы сатып алгысы келди. Пекинден бир кытай келип, сатып алып, анык бир сумма үчүн өнөктөш бололу дейт. Бирок биз командабыз менен макул болгон жокпуз, биз өнүгүүнү кааладык.
Талант Султанов, 40 жаш. АКШда билим алган
Талант Султанов өкмөттөрдүн бүткүл дүйнөлүк саммитинде
– Мен Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы Талас шаарынан болом. 94-жылы АКШга мектеп программасы боюнча тажрыйба алмашууга кеттим. Кийин 96-жылы кыргыз өкмөтүнүн "XXI кылымдын кадрлары" программасы боюнча бакалаврга окууга кеттим. Бул Казакстандагы "Болашак" же Өзбекстандагы "Умид" програмамасына окшош. Так ошол жылдары биздин аймактагы өлкөлөр студенттерин билим, тажрыйба алып келсин деп чет жакка жибере баштаган эле. Кайтып келгенден кийин мен Кыргызстанда жана Казакстанда иштедим. 2004-жылы Колимбия университетине магистратурага кеттим, "Эл аралык каржы" даражасын алдым. Аяктагандан кийин Алматыда иштедим. 2010-жылдан тарта Кыргызстандамын. Азыр мен Өкмөттө премьер-министрдин кеңешчиси жана координатор болуп иштейм. Санарипке өтүү боюнча жаңы программабыз бар. "Таза коом" деп аталат. Ушул программанын мүчөсүмүн.

– Программа тууралуу кенен айтып бериңизчи.

–Азыр бүт дүйнөдө санариптешүү толкуну жүрүүдө. Биздин аймак да сыртта эмес. Мисалы, Орусия менен Казакстанда мындай программалар "Санариптик экономика", "Санариптик Казакстан" деп аталат. Белоруссия бул жаатта аябай алдыга оозуп кетти. Биз дүйнөлүк трендден артта калбаш үчүн Кыргызстанда "Таза коом" санарипке өтүү программасын баштадык. Бул кыргыз өзгөчөлүктөрүн эске алган программа. Биз экономиканы гана эмес, коомду, өкмөттү, жалпысынан мамлекетти санариптештирип жатабыз. Максаты - жаңы технологиялардын, инновациянын жана Интернеттин жардамында өлкө жарандарынын турмушун жакшыртуу, жеке сектор өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу.

Бир нече жыл мурун мен Гарвард университетине квалификацияны жогорулатууга бардым. Азыр билим берүү парадигмасында аябай чоң өзгөрүү болууда. Азыркы жашоодо адамдар университетти бүткөнүнө эле ыраазы болбойт. Эми адамдар ар 4-5 жылда билимин жаңылашы керек. Англисчеде бул
«lifelong learning» деп аталат. "Кылым жаша - кылым оку" деп которсо болот. Дайыма жаңыны үйрөнүү керек, анткени баары абдан тез өзгөрүүдө. Адамдар бири бирине эле эмес, болочокто роботторго атаандаш болобуз. Бул санарипке өтүү программабыздын бир аспектиси: биз адамдар XXI кылымдагы эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болугдай кылып, билим берүү системасын курушубуз керек.
– АКШга барганда маданий шок болбодубу?

– Америкага биринчи жолу барганда ушундай болгон. 94-жыл эле. Америкага биринчилерден болуп окууга барган окуучулар тобу элек. Бул Союз кулагандан кийинки жылдар экенин элестетүү керек. Советтер Союзунда Америка №1 каршылаш болгон - муздак согуш.

Анан жаш окуучулар Америкага барып к калса, маданий шок болот да. Мени аэропорттон тосуп алышып, аскер адамдарынын үй-бүлөсүнө бөлүштүрүштү. Айнектен карсам, аскерий базаган кирип бара жатабыз. Жоокерлер, танкалар. Мен чынында дүрбөлөңгө түштүм. Аскерий абакка түшүп калдым деп ойлодум. Кийин гана бул сонун америкалык үй-бүлө, жакшы адмдар экенин түшүндүм. Алар менен бир жыл жашадым.

2004-жылы магистратурага барганда Америка тууралуу билгеним көп болчу. Анлыктан маданяит жанында шок болгон жокмун. Бирок, албетте, билим жагынан күчтүү мектеп. Ал жакта студенттен бүт дүйнөдөн келип окушат. Биздин факультетте Борбор Азиядан жана мурдагы Советтер Союзунан студенттер көп экени мени кубандырган. Биз клуб түптөдүк, ал "Евразия студенттеринин клубу" деп аталчу. Ал аябай популярдуу болду, анткени бир ар кандай иш чараларды: Ноорузду, 8-Мартты белгилечү элек. Ал майрамдарга дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөр келген курсташтарыбызды чакырар элек. Ушунип, өз маданиятыбызды жайылттык.

Колумбия университети /Сүрөт университеттин расмий сайтынан алынды
– Башка чет элдик студенттер Борбордук Азиядан барган студенттерди кандай кабыл алышат?

- Биз эл аралык мамилелер мектебинде окуган үчүн жолдуу болдук. Ал жакта орточо чет элдик жаранга караганда дүйнө тааным деңгээли жогору. Өзгөчө 11-сентябрдагы жардыруудан кийин аягы "стан" менен бүткөн бүт өлкөлөргө ишеним кетип турду, бизди бүт Борбордук жана Түштүк Азиянын олчойгон аймактарын бир муштумдай кабыл алышчу. Кийин гана алар Борбор Азия өлкөлөрү кошуна мамлекеттерден айырмаланып турарын түшүнө башташты. Биз менен жакшы эле алакада болушту.

– Кыргызстанга кайтарыңызды анык биле белесиз?

- Орусиянын, Чыгыштын (Кытай, Япония) университеттеринде окуган досторум менен азыр байланашып турам. Студенттик жашоо дүйнөнүн бардык тарабында эле окшош. Студенттик жашоо жеңил дегенге болбойт, студенттерге бардык өлкөлөрдө оңой эмес. Бул "кантип өз алдынча болуу керек" деген турмуш мектеби. Бул студенттик турмушка тиешелүү.

А карьералык келечек боюнча сиз туура айтасыз. 2006-жылы бүт дүйнөдө чоң секирик болду. Ал жакта калууну биздин аймактын студенттери да каалашты. Айрымдары калып, Нью-Йоркто карьера курушту. Мен да бир жыл Вашингтондогу Дүйнөлүк банкта иштедим. Бирок узакка койгон планымда кайтууну көздөчүмүн. Дүйнөлүк банкта иштеп жүрүп, жумуш издедим: Москва, Алматы, Бишкектеги вакансияларга табыштама жибердим. Жыйынтыгында Алматыдагы ири коммерциялык банкка жайгаштым. Ал жакта үч жылдай иштедим. Ушундан кийин Бишкекке кайттым, бул жакта 10 жылдан бери иштеп жатам.

– Кайтып келүү эмнеге сиз үчүн маанилүү эле?

– Менимче биз окуган мектеп, факультеттин өзү бүт дүйнөнүн студенттерине глобалдык адис болуу чакырыгын таштачу. Эл аралык факультеттердеги бүтүрүүчүлөр үчүн эл аралык талаада иштөө кызыктуураак эле. Штатта калуу шарт эмес: менин курсташтарым азыр Африка, Азия, Европада түптөшкөн ири эл аралык компаниялардын жетекчилери. Башкача айтканда, эл аралык университеттерде окусаң, ушундай байланыштардын эл аралык тармагы пайда болот. Эми гана экономикалык өйдөлөшкө жол алган биздин региондогу мүмкүнчүлүктөр бир топ эле кызыктуурак деп ойлойм. Чет жакта окуп келген биздин аймактагы балдар активдүү болуп, саясат, экономика, социалдык сектор сыяктуу системаларга жаңычылдык киргизүүдө. Өзүңдү ачуу үчүн дал ушул биздегидей өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бир топ эле кызыктуу.
Тартип, негиздер түптөлүп калган өнүккөн өлкөлөргө караганда бул жакта өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүңдү тезирээк ишке ашыра аласың
Талант Султанов Кыргызстандын президенти жана БУУнун Баш катчысы менен жолугушууда
– АКШдан кайткандан кийин мекениңиздеги айрым жагдайлар акылга сыйгыс болуп, кайрадан маданий шок болгон жокпу? Көнүп кетүү кыйын болбоду? Же сиз үчүн кайрадан адаптациялануу жеңил өттүбү?

– Ооба, алыстан үйүңө кайтканда «reverse culture shock» (кайрадан кайткандагы маданий шок) деген түшүнүк бар. Америкада бир жыл мектепте окуп келгенде ошондой болгом. Магистратурадан кайтканда андай болбоду. Бир нече факторлордон улам деп ойлойм. Биринчиден, ишим дайын болуп кайтып, дароо алаксып кеттим. Экинчиден, чет жерде билим алып жүрүп мен көргөн нерсенин баары азыл бул жакта пайда болууда. Ошол эле кофейнялар, жашоо стили. Глобалдык тренддер бизге да келди.

– Акыркы суроо: чет жерде окуп, ошол жакта калсамбы же кайтсамбы деп олку-солку тургандарга кандай кеңеш бересиз?

–Эң башкысы - жакшы билим жана тажрыйба алуу. Ошондо адам бүт жерден өзүн таба алат. Билим алган жериңде карьераны улантып же үйгө кайтуу бул эми адамдын өзүнөн көз каранды. Бул биринчиси. Экинчиден, карьера бул бир багытта эле дайыма өсүү эмес. Өйдө-ылдый ыргытат. Азыркы чындыкта күтүүсүз нерселерге даяр туруу керек. Жөн гана аябай ийкемдүү болушубуз шарт. Эгер сен иштин ушундай форматына даярдалган болсоң, анда бүт жерде өзүңдү таба аласың. Бирок биздин аймакта иштесең, кызыктуурак деп эсептейм: өсүү мүмкүнчүлүгү да бар, кандайдыр бир идеяларыңды да ишке ашырууга болот. Биздин өлкөлөр жаш болгон үчүн биз эми окуп жатабыз, биздин мамлекеттердин өкмөттөрү да ар кандай жаңы идеяларды колдойт. А өнүккөн мамлекеттерде системаны өзгөртүү бир топ эле татаал.
Атайын долбоордун автору Фарангиза Шукашева 2017-жылдын июнунда «Мультимедиалык сторителлинг» окуусунан өткөн. Бул атайын долбоор ошол тренингдин жыйынтыгы менен Борбор Азиядагы Internews кеңсесеи берген гранттын алкагында даярдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген